Редакцияот 04.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

VIII Чакырылыш, кезектеги №10 сессиялык отурум

 

2025-жылдын 4-сентябрь № 31

«Бекитай Таш» ЖЧКсына жерди ижарага берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы 123 “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Жайыл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-майындагы №22 токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 2-пункту, ошондой эле «Бекитай Таш» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен талкууланып, жана 2025-жылдын 4-сентябрындагы жер тилкесинижарага берүү боюнча талкуунун протоколу менен, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы

Токтом кылат:

1. 2044-жылдын 4-ноябрына чейин жер казынасын пайдалануу укугуна 7593-лицензиясынын жарактуулук мөөнөтүнө «Бекитай Таш» ЖЧКсына «Садовое» участогунан кум-шагыл аралашмасын иштетүү үчүн жер тилкеси ижарага берилсин.

2. 1 гектарга 50 000 (элүү миң) өлчөмүндө ижара акысы бекитилсин.

3. Жайыл айыл өкмөтү «Бекитай Таш» ЖЧКсы менен ижара келишимин түзсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е. Дженбаевага жүктөлсүн.

 

 

Жайыл

айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

 Чолпонкулов  К.К.