Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII чакырылыш, кезектеги №10 сессиялык отурум
2025-жылдын 4-сентябрь № 33
Долбоорду биргелешип каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдыры жөнүндө” Мыйзамынын 3 пунктунун 34-беренесине ылайык,Калдык айылынын Западная көчөсүндөгү жолду оңдоо боюнча Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е. Дженбаеванын сөзүн угуп, талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1.«Калдык айылынын Западная көчөсүндөгү жолду оңдоо» долбоору 6 207 706 сом 00 тыйын (алты миллион эки жүз жети миң жети жүз алты) сом 00 тыйынга бекитилсин.
2.«Калдык айылынын Западная көчөсүндөгү жолду оңдоо» долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн сунушталат.
3. Долбоорду биргелешип каржылоо жана ишке ашыруу үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 241 541 сом 00 тыйын (бир миллион эки жүз кырк бир миң беш жүз кырк бир) сом 00 тыйын бөлүнсүн, долбоордун жалпы наркынын 20% түзөт.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е. Дженбаевага жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Чолпонкулов К.К. |