Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23 январындагы № 23
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин билим берүү жаатындагы органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору болуп;
3) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация болуп;
4) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы» мекемеси болуп;
5) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту» мекемеси болуп;
6) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Санат» ден соолукту чыңдоо борбору» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Санат» ден соолукту чыңдоо борбору» мамлекеттик мекемеси болуп;
7) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси болуп;
8) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Кут Билим» медиа борбору» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Кут Билим» медиа борбору» мекемеси болуп;
9) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Борборлоштурулган бухгалтерия» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Борборлоштурулган бухгалтерия» мекемеси болуп;
10) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемеси болуп;
11) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият методикалык борбору» мекемеси болуп;
12) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Барчын» санаториялык-профилакториясы» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Барчын» санаторий-профилакторийи» мекемеси болуп;
13) «Республикалык «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясы» мекемеси «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы» мекемеси болуп.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- жыйырма биринчи жана жыйырма үчүнчү абзацтарда «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- жыйырма экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 18-тиркемесинде:
- аталышында «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 20-тиркемесинде:
- аталышында «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 251-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 29-тиркемесинде:
- аталышында «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 33-тиркемесинде:
- аталышында «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 34-тиркемесинде:
- аталышында «Баштапкы кесиптик билим берүүнүн республикалык илимий-методикалык борборунун» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтомдун 341-тиркемесинде:
- аталышында «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 431 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 1, 2 жана 5-пункттарда «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору» мекемеси жөнүндө жободо:
- аталышында жана 1-пунктта «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пунктта:
экинчи абзацта «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта «образования и науки» деген сөздөр «просвещения» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 15-пункттун биринчи жана бешинчи абзацтарында, 16-пункттун төртүнчү, тогузунчу жана он биринчи абзацтарында «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 19-пунктта «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 48 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Жаңы китеп» мекемесин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору» мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүү тартибинде:
- 2-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) окуу китеби – Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына жана предметтик стандарттарга шайкеш жана окуу процессинде пайдалануу үчүн мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сунушталган окуу предметинин, анын бөлүмүнүн жана бөлүгүнүн системалаштырылган баяндалышын камтыган окутуунун көп функциялуу каражаты;»;
3-пунктчада «билим берүү жана илим жаатындагы» деген сөздөр «мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – «Окуу китеби» басма үйү» ММ) – Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуу китептери менен камсыз болушун жакшыртуу, жаңы окуу китептерин өз убагында басып чыгаруу максатында иштеген мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын республикалык ведомстволук мекемеси;»;
- 3, 9, 10, 12, 17 жана 33-пункттарда «билим берүү жана илим жаатындагы» деген сөздөр «мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 «Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 1-пунктчасында «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 3-пунктта:
- 1-пунктчада «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-пунктчада «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу министрлигине, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 8-пунктта «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жободо:
- аталышында «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1, 2-пункттарда «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пунктта:
экинчи абзацта «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта «образования и науки» деген сөздөр «просвещения» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 14-пунктта «билим берүү жана илим» деген сөздөр «агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 18-пункттун экинчи абзацында «Министрликке» деген сөз «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында формалдуу билим берүүнүн сапатына тандама тестирлөө жана баалоо жүргүзүү тартибинде:
- 2-пунктта «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
10. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:
1) ушул токтомдун 1-пунктунун 4–13-пунктчаларында көрсөтүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын уставдарын (жоболорун) иштеп чыксын жана бекитсин;
2) ушул токтомдун 1-пунктунун 1–13-пунктчаларында көрсөтүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдү, мекемелерди жана уюмдарды юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 448 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Санарип билим берүү борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 27-январындагы № 5 (3765) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Тиркеме |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ