БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 82
Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинин айрым бөлүгүнө өзгөртүү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Шаардык Кеңештин финансы, экономика, салык, инвестицияларды тартуу жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 10-декабрындагы отурумунун корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
- Баткен шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн 9701,8 миң сом кириштелип, 2025-жылдын шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу иш чарасына чыгымдалууга макулдук берилсин.
- Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
- Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, салык, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Р.Орозбаевге / жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |