Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 85
Баткен шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн кылмыштуулукту болтурбоонун алдын алуу профилактикалык иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 17-пунктуна жана Баткен шаарынын аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында, шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, кылмыштуулук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат жана этика, ысымыдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн кылмыштуулукту болтурбоонун алдын алуу профилактикалык иштеринин абалы жөнүндө маалыматы белгиленсин №1 тиркеме.
-Шаар аймагында 2025-жылдын 11 айында, 2024-жылдын 11 айына салыштырмалуу кылмыш көп катталгандыгы белгиленсин жана жоюу үчүн тийиштүү кызматтар тарабынан чаралар жүгүзүлсүн;
2. Шаар аймагында коопсуздуктун алдын алуу чараларына керектүү болгон (техникалык базасын чыңдоого) тийиштүү чараларга колдоолор көрсөтүлүп турулсун.
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
4. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Гайыпова/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XI сессиясынын № 85 токтомунун
№1 тиркемеси
Баткен ШИИБдин 2025-жылдын 11 ай ичинде
кылмыштуулукту алдын алуу жана ыкчам-кызмат ишмердүүлүктөрү боюнча
Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамынын жалпы криминогендик кырдаалды жана коомдук-саясий абалды туруктуу бойдон сактоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Министрлер кабинетинин токтомдорун, КР ИИМдин буйруктарын, буюрмаларын жана коллегияларынын чечимдеринин талаптарын аткаруу багытында төмөндөгү иштерди алып барышууда.
Баткен шаарынын аймагында 2025-жылдын 11 ай ичинде коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштардын бетин ачуу багытында бир катар приоритеттүү багыттар аныкталып, иш алып баруу уюуштурулуп, иш жүзүнө ашырылууда.
Материалдык техникалык базаны чыңдоо жана санариптештирүү багытында аткарылган иштер.
КР ИИМ тарабынан Баткен ШИИБдин КККнын МАЫӨ жана ЖИИ кызматкерлерине жалпы 13 даана “ZEBRA” үлгүсүндөгү планшет берилип, ШИИБдин каржы бөлүмүнө кириштелип, ар бир кызматкерге бекитилген. Бүгүнкү күндө КККнын МАЫӨ жана ЖИИ кызматкерлери тейлеген аймагында жашаган жарандарды электрондук каттоого алууда.
КР ИИМ тарабынан Баткен ШИИБдин КККнын МАЫӨ жана ЖИИ кызматкерлерине 13 даана “Hytera” үлгүсүндөгү боди-камера берилип, Баткен ШИИБү тарабынан 2025-жылдын 10–сентябрында №176 сандуу буйругу чыгарылып, КККнын ар бир кызматкерине боди-камера бекитилди.
Баткен шаарынын аймагында талапка жооп бере турган камераларды коомдук жайларга орнотуу боюнча жергиликтүү мекеме ишканаларга сунуштар жөнөтүлүп, жөнөтүлгөн сунуштардын негизинде 2025-жылдын 11 айында шаар аймагында жалпы 40 сапаттуу камералар орнотулуп, калган жерлерге камераларды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүп келүүдө.
Жыйынтыктап айтканда бүгүнкү күндө шаар аймагынын 51 жеринде видео камера орнотулуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
Шаар аймагына орнотулган видео камералардын жардамы менен ачылган кылмыштар:
2025-жылдын 11 ай ичинде шаар аймагына орнотулган видео камеранын жардамы менен 10 уурулук, 2 тоноо, 3 бейбаштык, 2 автотранспорт каражаттарын укукка жат турдо ээлеп алуу, 2 алдамчылыктын бети ачылып, 3 издөөдө жүргөн атуул кармалган. Башка региондордон издоодо жургон 4 атуул кармалым тийиштуу ШРИИБтерге откорулуп берилген.
Жалпы кылмыштуулук боюнча:
2025-жылдын 11 айында Маалыматтарды электрондук каттоо Журналына (ЭМКЖ) жалпы –1114 (2024–ж 847) окуялар, б.а.+267 көп катталып, анын ичинен КБРге (Кылмыштардын Бирдиктүү Реестри) жалпы 152 (2024ж.-74) кылмыш иши козголгон. б.а. +78 га көп кылмыш иши козголгон.
Баткен ШИИБдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө жалпы 203 (2024ж.-102) кылмыш иши болуп, (+101 көп кабыл алынган) тергөөчүлөр тарабынан 104 кылмыш иши боюнча процессуалдык чечимдер кабыл алынып (2024ж-68) (+36 көп чечим кабыл алынган) 51,2% тузгон.
2025-жылдын 11 айында Баткен ШИИБдин отчеттук мезгилиндеги өндүрүшүндө 167 (2024-ж-71 ) кылмыш иши болуп анын ичинен 100 (2024-ж.62) кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 59% (2024-ж. 87%) түзгөн, былтыркы жылга -28 % аз. Эски жылдан 16 КИ бети ачылган.
Соттун кароосуна 49 (2024ж-21) кылмыш иши жиберилип +28ишке көп жиберилген.
(КЖКнин 130-бер. 2, 136-бер. 2, 154-бер. 4, 178-бер. 11, 205-бер. 8, 209-бер. 3, 210-бер. 1, 211-бер. 1, 280-бер. 1, 282-бер. 1, 315-бер. 1, 332-бер. 1, 370-бер. 4, 379-бер.-1,180-бер-1, 131-бер-2, 206-бер.-2, 312-бер-1, 374-бер.1) КИБ багытында 25.
Өндүрүштөн жалпысынан 60 (2024-ж. 48) кылмыш иши кыскартылган,
+12.
Отчеттук жылга өндүрүштө 149 (2024-67) кылмыш иши болуп анын 94 (58) бети ачылып ачылуу пайыз 63% (2024-ж. 87%).
Баары болуп жылдын башынан бери 68 (+1 выделенный А) кылмыш иши боюнча чечим кабыл алыган эмес.
Анын ичинде 48 (+1 выделенный “А”) сотко чейинки өндүрүш иштери калдык болуп өндүрүштө турат, 40 иш өздүгү менен.
(КЖКнин 37/122-бер. 1 иш, 337-бер. 33 иш, 216-бер. 1-иш, 209-бер 13 иш).
2025-жылдын 11 айындаКЖПКнин 246-бер. 1-бөл. 3п менен 20 ( 2024-ж. 3) кылмыш иши токтоп турат.
(КР КЖКнин 280-1, КЖКнин 282-1, КЖКнин 205-4, КЖКнин 209-8 иш, 337-бер. 4-иш, 379-бер. 2 иш) анын ичинен 5 кылмыш иши боюнча кишилери аныкталган, декабрь айы менен чечимдер кабыл алынат.
2025-жылдын 11 айында шаар аймагында Тергөө органдары тарабынан жалпы КР КЖПКнин 96-бер. менен 15 (2024-ж. 2) адам камакка алынып, анын ичинен 15 (2024-ж. -2) адамга карата камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
■КР КЖПКнин 27-бер. менен кыскартылган иштерден 9 кылмыш иши Баткен райондук прокуратурасы тарабынан бузулган. Кайра эле отчеттук мезгилде кыскартылган.
Андан сырткары КР Башкы прокуратурасынын Электордук иштер боюнча берген көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иштердин электрондук вариянты АМСнын КБРне киргизилүүдө.
■2025-жылдын 11 ай ичинде АМС МЭЖге 1114 (2024-ж.847 ) материал катталып, башка органдан 51 материал келип, эски жылдан 22 материал өтүп тергөөнүн карамагында баары болуп 1187 материал болгон, анын ичинен КР КЖПКнин 27-бер. менен 764 (2024-ж 591) (+173) материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып, анын ичинде бузуулардын негизинде чара көрүү үчүн 156 материал ККК жиберилген, 88 материал боюнча прокуратура органынан токтомдору бузулган, (бузулган материалдар боюнча 19 кылмыш иши козголгон)
Берене | Келтирилген чыгым | Өндүрүлгөнү | Өндүрүү пайызы | Калдык | |
205-берене | 2048940 | 1968940 |
| 75000 | |
206-берене | 35500 | 35500 | 100% |
| |
207-берене |
|
|
|
| |
208-берене | 1200 | 1200 | 100% |
| |
209-берене | 15 439 944 | 5 626 660 |
| 9813284 | |
210-берене | 240 000 | 240 000 | 100% |
| |
211-берене |
|
|
|
| |
216-берене | 3087400 |
|
| 3087400 | |
Жалпы
| 20 852 984 | 7 872 300 | 37% | 12 980 684 | |
|
|
|
|
|
|
МЭЖге катталган материалдарды бөлүп караганда төмөндөгүдөй пайызды берүүдө:
1. Алдамчылык-10,56%
2. Уурулук -9,68%
3. Үй-бүлөлүк зомбулук -6,86%
4. Жол кырсыгы-7,39%
5. Майда бейбаштык -5,72%
6. Бейбаштык -6,07%
7. Денеге атайылап жеңил залал келтирүү-4,92%
8. Дайынсыз жоголуу-2,11%
9. Өрт кырсыгы-1,32%
10. Алименттен качуу-1,23%
11. Документ жасалмалоо-3,69%
12. Ж.б материалдар-10,82 %
КЫЛМЫШ ИЛИКТӨӨ БӨЛҮМҮ:
Баткен шаарынын аймагындагы КИБ багыты боюнча 2025-жылдын 11 ай ичиндеги отчеттук мезгилде баары болуп 95 (51) катталган, отчёттук жылда 90/49 кылмыш катталып, анын ичинен 69 (44) кылмыш иштеринин бети ачылып, отчеттук жылда 66, ачылуу пайызы 72.6% (86.2% ) түздү, отчеттук жылда 73,3%. Былтыркы жылга салыштырмалуу 13,6% төмөндөгөн.
Ар бир кызматкерге жүктөм 2.0 кылмыштан туура келет. Бүгүнкү күндө КИБ багытында өндүрүштө 15/6 кылмыш иши тергелүүдө.
Алар төмөнкүлөр; 209-бер. (алдамчылык-13). 37-112-бер. (адам өлтүрүүгө аракет жасоо-1) (өрт кырсыгы-1).
КРнын ЖПКнин 246-бер. 1-бөл. 3-п. менен өндүрүштөн 11/1 кылмыш иши убактылуу токтотулган.
Алар төмөнкүлөр: 205-бер. (уурулук)-4, 209-бер. (алдамчылык)-7, интернет алдамчылык-7.
Белгисиз жагдайда болгон кылмыштар. Отчеттук мезгилде 63/37кылмыш өндүрүштө болуп, отчёттук жылда 58/31 кылмыш иши катталган, анын ичинен 49/30 кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 77.7 % (81.0%)түздү.
Оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча 2025-жылдын 11 айы ичинде 8 (3) кылмыш өндүрүштө болуп, отчёттук жылда 8/3 кылмыш иши катталган, анын ичинен 6 (3) кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 75% (100%) туздү.
Өзгөчо оор кылмыш иши боюнча 4 факты катталып, 3 фактын бети ачылып, ачылуу пайызы 75% тузду. Ондурушто 1 КИ турат, оздугу менен.
Ден-соолукка оор зыян келтирүү боюнча 2 факты катталып бети ачылып 100% түздү.
Зордуктоо боюнча 2025-жылдын 11 айы ичинде 4 факты катталып, 4 фактынын бети ачылып, ачылуу пайызы 100% түздү.
Тоноочулук боюнча 2025-жылдын 11 айы ичинде 4 (1) кылмыш өндүрүштө болуп, отчёттук мезгилде 4/1 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 4 (1)кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 100% (100% ) түздү.
Зордуктоого аракет жасоо фактысы 2025-жылдын 11 ай ичинде катталган жок.
Опузалап талап кылуу фактысы 2025-жылдын 11 ай ичинде 1 факты катталып бети ачылып, ачылуу пайызы 100% түздү.
Мүлккө байланышкан кылмыштар боюнча;
Уурулук боюнча 2025-жылдын 11 айынын отчеттук мезгилинде 36 (30) кылмыш өндүрүштө болуп, отчёттук жылда 32/30 кылмыш иши катталган, анын ичинен 32 (27) кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 88.8% (90%)түздү. Өндүрүштө 0/1. Токтотулган 4/2. (2 КИ боюнча шектүү такталган) Жалпысынан уурулук жасагандар 29 адам кармалган, топтор тарабынан кылмыш жасалган эмес. Көрсөтүлгөн убакыт ичинде келтирилген зыян уурулуктар боюнча 1 982 950 сом, анын ичинен 1 914 650 сом өндүрүлү, 96.5 % пайызды түзгөн.
Анын ичинен батир уурулугу боюнча 2025-жылдын 11 айынын отчеттук мезгилинде 4 (1) кылмыш өндүрүштө болуп, отчёттук жылда 3/1 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 4(1) кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 100 % (100%) түздү.
Чөнтөк уурулук боюнча 2025-жылдын 11 айы ичинде 28 кылмыш өндүрүштө болуп, отчёттук жылда 26 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 27 кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 96.4 % түздү.
Мал уурулук боюнча 2025-жылдын 11 айы ичинде катталган жок.
Автоунааны жат түрдө ээлеп алуу 2025-жылдын 11 ай ичинде 2 факты катталып, 2 фактынын бети ачылып ачылуу пайызы 100% түздү.
Алдамчылык боюнча 2025-жылдын 11 айынын отчеттук мезгилинде 39(14) кылмыш өндүрүштө болуп, отчёттук жылда 38/13 кылмыш иши тергелип, 19 (10) кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 48.7% (71.4%)түзду. Өндүрүштө 13. Токтотулган 7/0. Алдамчылык фактылары боюнча жалпысынан келтирилген зыян 14 891 100 сом, анын ичинен 4 738 000 сом өндүрүлү, 31.8 % пайызды түзгөн.
Ачылган алдамчылык кылмыш иштеринин ичинен жалпы 6 интернет менен байланышкан кылмыш ишинин бети ачылып, төмөнкү атуулдар (дропперлер) аныкталып, ШИИБдин ТКна камсыз кылынган.
Манас шаарынан кармалган.
Бишкек шаарынан кармалган.
Бишкек шаарынан кармалган.
Бишкек шаарынан кармалган.
Лейлек районунан кармалган.
Бишкек шаарынан кармалган.
ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ:
Баткен ШИИБдин ЭММКАКда штат боюнча 1 кызматкер. 2025-жылдын 11 ай ичинде ЭММКАКтын кызматкери тарабынан жалпы 11 кылмыштын бети ачылган.
Диний экстремизм багыты боюнча 1 материал катталып, соттук кароого жиберилген.
Башка багыты (КИБ) боюнча 10/7 кылмыш иши аныкталып, козголуп бети ачылганы 10/7. Ошондой эле, административдик укук бузуу фактылары боюнча 47/ атуулга протокол түзүлүп, жалпы 401000 сом айып пул төлөм салынды.
КККты боюнча:
Жетекчилик тарабынан 2025-жылдын башында коюлган талаптардын бири Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2022-жылдын 9-июнь №448 буйругунун талаптарын аткаруу максатында, Баткен шаарынын аймагында 6 квартал 11 мүчѳдѳн турган 1 коомдук алдын алуу борборлору менен биргеликте аймактык ыйгарым ѳкүлдѳрү азыркы күндөѳ жогоруда кѳрсѳтүлгѳн кварталдарда элдер менен сылык мамиледе болуп улуттар аралык чыр чатактарга жол бербей элдин ынтымакка чакырып ошону менен бирге коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти сактап, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча, квартал башчылары, аксакалдар соттору, аялдар жана жаштар уюмдары менен тыгыз байланышта иштеп жатышат.
КР ИИМ тарабынан берилген “ZEBRA” үлгүсүндөгү планшетке МАЫӨ кызматкерлери тарабынан 1983 кожолук текшерилип, 7635 жаран электрондук каттоого киргизилген.
Баткен ШИИБдин МАЫӨ кызматкерлери тарабынан 24.03.2025-ж №141 токтомунун алкагында 109 номенкулатуралык иштерди карап, мыйзамдуу чечимдерди кабыл алышкан.
Баткен райондук САКБна 71 протокол өндүрүү жана чечим кабыл алуу үчүн жиберилген.
Штат боюнча 9 кызматкер | 2024 | 2025 | ноябрь айы | +/- |
Протокол | 819 | 1029 93+Сот+1124 | 32 | +301 |
А.и. эскертγγ | 21 | - |
| -21 |
Салынган айып жалпы | 898500 | 1464500
| 44000 | +566000 |
ѳндγрγлгѳнγ | 711500 | 1189000
| 18000 | +477500 |
Ѳндγрγлѳ элек | 187000 | 265500 | 36500 | +78000 |
БЖК-беренеси | Саны | Айып салынганы | Айып толонгону |
83 берене | 1 | 3000 | 3000 |
96 берене | - | - | - |
179 берене | 41 | 123000 | 28000 |
430 берене | 33 | 330000 | 330000 |
126 берене | 32 | 1-коом/жум 13200 9 коомдук жумуш 3-камак 2-токтогон 3-кыс
| 82500 |
56 берене | 1 | 10000 | толонелек |
57 берене | 19 сот | 50000 | 50000 |
102 берене 1000 с | - | - | - |
131 берене | 1 | 3000 | 3000 |
134 берене | 24 | 69000 | 35000 |
135 берене | 1 | 3000 | 3000 |
133 берене | 4 | 12000 | - |
128 берене | 3 | 6000 | 6000 |
190 берене |
|
|
|
188 берене | 917 | 917000 | 821000 |
70 берене | 39 | 14-камак 20-коомдук жумуш 5-штраф(10-минден) |
50000сом |
142-берене | - |
|
|
142-берене | - |
|
|
431берене | 8 | 44000 | 44000 |
74-берене |
|
|
|
Жалпы | 1007 83+Сот+1090 | 1580250
| 1249500
|
|
|
|
|
Отчёттук мезгилде Баткен шаарынын аймагында 34 профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү ( Тилемчи 1, бирдиктүү алдын алуу күнү-3, өспүрүм-түн-4, Лидер 1, укук тартип-2) ѳткѳрүлгѳн профилактикалык иштердин негизинде МАЫӨ коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча өз милдеттерин так кызмат ѳтѳштү.
Шаардын аймагында бардыгы болуп 1 ОПЦ бар, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү алар менен биргеликте тыгыз байланышта иштерди алып барууда, МАЫӨ тарабынан аксакалдар сотуна 7 материал кароо үчүн жөнөтүшкөн шаарда бардыгы болуп 1 аксакалдар соту, 7 сотунун мүчѳсү бар.
2025-жылдын 11 ай ичинде МАЫӨ тарабынан белгисиз жагдайда жасалган 12 (2024-ж 11) кылмыштын бетин ачышып, 25 (2024-ж 18) кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтүштү.
2025-жылдын 11 ай ичинде коомдук жайда 21 (16) +5, анын ичинен көчө кылмыштары 15 (11)-4. Бул багытта азыркы учурда Баткен ШИИБдин тергөө кызматы жана салыштыруу иштери жүргүзүлүп, Баткен райондук прокуратурасыны сунуштар кат түрүндө берилди.
Үй-бүлөлүк зомбулуктар боюнча маалымат:
Баткен ШИИБ боюнча катталган үй-бүлөлүк зомбулуктар боюнча 2025-жыл 11 ай ичинде 72(2024-ж 45) +27 катталган, КИ козголгон эмес.
Дыйканбаев Ислам | Машрабов Муса | Өткуров Арстан | Өсөров Мурат | Эшматов Айбек | Мурзакаримов нуртилек | Дыйканбаев Дастан | Бегжан уулу О | Мухамадиев Искен | Баары 2025-ж |
7 | 7 | 5 | 5 | 5 | 6 | 12 | 10 | 4 | 61 |
Бейбаштык
Баткен ШИИБ боюнча катталган бейбаштык боюнча 2025-жыл 11 ай ичинде 4(2024-ж 5)-1 катталган.
Дыйканбаев Ислам | Машрабов Муса | Өткуров Арстан | Өсөров Мурат | Эшматов Айбек | Мурзакаримов нуртилек | Дыйканбаев Дастан | Бегжан уулу О | Мухамадиев Искен | Баары 2025-ж |
|
2 |
|
|
|
| 1 |
|
| 1 |
|
ШИИБнүн МАЫӨ кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын башында профилактикалык каттоодо турат атуулдар:
Эркинен ажыратуучу жайлардын бошоп келгендер | 2 | |
Эрк-ен ажыр-чу жай-дан бош шатуу мөнөт-өн мурда бошогон | 1 | |
Эрк-ен ажыратууга байланшпаган жазага тартылгандар |
| |
Реабилитацияланбаган багытта, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулгандар |
| |
Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөр |
| |
Спирт ичимдиктерин өнөкөт ичкен адамдар | 9 | |
Дарыгер-ин дайын-су жок баңги затын колдонгон адамдар | 6 | |
Социалдык жактан коркунуч келтирген писихикалык оорулуулар |
| |
Жеке пайдала-да ок атуучу куралы бар адамдар | 217 | |
| Жалпы | 235 |
Көчмө кабылдама
2025-жылдын 11 ай ичинде милициянын көчмө кабылдамалары тарабынан аймактарга жалпы 183 жолу чыгышкан. Аймактарга чыгууда:
- Кайрылган атуулдардын саны – 39.
- Түшкөн арыз жана кайрылуулардын саны – 36
Анын ичинен:
- Башкалар – ,
- Өз алдынча башкаруу органдарына жиберилгендер –12
- мамлекеттик органдарга жиберилгендер – ,0
- жеринде юридикалык кеңештер берилип чечилгендер – 27
-Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыштар – 0.
Укук Бузуулар Кодексинин негизинде 263 жаранга протокол толтурулду.
ЖИИ багыты боюнча:
Баткен ШИИБдин ЖИИ боюнча кызматкерлери “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөрүнүн ишин уюштуруу боюнча Нускамасын бекитүү жөнүндө” 17.07.2024-ж. №436 буйругунун негизинде иш алып барабыз. ШИИБдө ЖИИ багыты штат боюнча 4 кызматкер бар.
Баткен шаарынын аймагында жалпы 23 окуу жай мекемеси, 11 мектеп, менчик мектеп 8, кесиптик лицей 1, орто окуу жай 2, атайын жокорку окуу жайы 1. 2 медресе, 16- бала бакча.
Шаар боюнча катталган жаш өспүрүмдөрдүн саны Шаар боюнча катталган жаш өспүрүмдөрдүн саны 15728. Ал эми алардын ичинен мектеп окуучулары 12047 (6021 кыз, 6026 эркек) түзөт.
Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны 875 жаш өспүрүм болуп анын ичинен; сырткы мигрант 651, ички мигрант 56. Ошону менен катар; тоголок жетим-12, жарым жетим- 292, майып балдар-205, аз камсыз үй бүлөлөр-603, асыроого берилген балдар-5, көзөмөлгө берилген балдар- жок.
2025-жылдын 11 ай ичинде ШИИБдин ЖИИнин кызматкерлери тарабынан 17 жолу “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жол бербөө”, “Топтошуп мушташуулардын алдын-алуу”, “Зордук-зомбулуксуз жашоо”, “Селсаяк”, “Өспүрүм-түн”, “Лидер” аталышындагы атайын рейддер өткөрүлүп, билим берүү мекемелериндеги окуучуларга лекциялар окулуп, жеринде алдын-алуу түшүндүрүү иш-чаралары улантулууда, ошону менен катар шаардын аймагында билим берүү мекемелеринин арасында ар кандай спорттук иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө, шаар аймагында өткөрүлгөн “Элдик жыйындар” учурунда кылган иш-аракеттер боюнча отчеттор берилүүдө.
Ошондой эле жаш муунду мекенди суйууго, мекенди коргоого, патриоттуулук сезимдерди ойготууга багытталган иш чаралар откорулуп, ага КРнын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринин, аскердик техникаларынын коргозмолору, машыгуулары корсотулуп келуудо.
2025-жылдын 11 ай ичинде Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө коммиссиясына 18 материал жөнөтүлгөн. Анын ичинен 18 материал каралып ата-энелерине эскертүүлөр берилген. Бирок ошого карабастан жаш оспурумдор тарабынан жасалган кылмыштардын саны осуудо.
Кылмыштуулук боюнча (салыштырмалуу)
Жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар | 2024-ж. 11-ай | 2025-ж. 11-ай | |
Жалпы | 10 | 18 | +8 |
Уурулук | 8 | 14 | +6 |
ДЗК | 1 | 1 | = |
Тоноо | - | 2 | +2 |
Башка кылмыштар | 1 | 1 | = |
Банги затына байланышкан | - | - |
|
Катышкан өспүрүмдөр/окуучулар | 12 | 12 | = |
Анын ичинен мектеп окуучулары | 11 | 10 | -1 |
Эч жерде окубагандар | - | 2 | +2 |
Кесипттик окуу жайларда окугандар | 1 | - | -1 |
Отчеттук мезгилде учетто турган өспүрүмдөр | 8 | 7 | -1 |
Отчет убагында катоого алынган өспүрүмдөр | 4 | 3 | -1 |
Отчет мезгилде катоодон чыккан өспүрүмдөр |
|
|
|
Отчет аягында катоодо турган өспүрүмдөр | 4 | 3 | -1 |
КДД | 8 | 16 | +8 |
ИПК | 2 | 3 | +1 |
маалымат | 61 | 69 | +8 |
Лекция беседа | 136 | 271 | +135 |
Массалык маалымат каражаттарына чагылдыруу | 65 | 79 | +14 |
Бузуулар кодекси боюнча протолколдор | 196 | 235 | +39 |
Дайынсыз жоголгондор/табылганы | 5 | 8 | +3 |
Суицид | - | - |
|
Кокустук фактысы | - | - |
|
Сууга чөгүү | 3 | 2 | -1 |
Жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар | 6 | 10 | +4 |
Адам өлтүрүү | - | - |
|
Зордуктоо | - | 3 | +3 |
тоноо | - | - |
|
ДЗК | 1 | - | -1 |
Диний ырым жырымдарды өткөрүүдө нике жөнүндөгү мыйзамдарды бузуу |
|
|
|
Кыз ала качуу | - | - |
|
Ээнбаштык | - | - |
|
Опузалап талап кылуу | - | 1 | +1 |
Алдамчылык | - | 1 | +1 |
сексуалдык иш аракеттер | - | - |
|
уурулук | 5 | 5 | = |
№ | Балдар тарабынан жасалган кылмыштар | Шаардын тургуну тарабынан жасалган кылмыш | Баткен районунун жашоочусу тарабынан | Башка облустун тургуну тарабынан жасалган кылмыштар | |
Чүй | Аламүдүн | ||||
1 | 18 | 9 | 6 | 2 | 1 |
2 | Кайра кайталанган кылмыштар | 4 | 4 | 2 | - |
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсү боюнча:
1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги жөнүндө маалымат:
Баткен ШИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги жалпы – 7, анын ичинен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багыты боюнча – 5 кызматкер, жетекчи жана УКТ кызматкерлери -2. Бирок азыркы учурда 5 кызматкер гана кызмат отоодо, жетекчиси жана ага тескоочусу тергоо амалдарынын журуп жаткандыгына байланыштуу жумуштан четтетилген.
2025-жылдын 11 ай ичинде ар түрдүү тартип бузуулар менен жалпы 5 ЖККнын кызматкерге дисциплинардык тартип жазалары берилген.
2. Жол транспорт кырсыгынын абалы.
Баткен шаардык ички иштер бөлүмү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 11 ай ичинде жол-унаа кырсыгын болтурбоо жана алдын алуу боюнча профилактикалык жана уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө, ага карабастан Баткен ШИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсунө 2025-жылдын 11 ай ичинде 18 жол транспорттук кырсыгы катталган. Андан 26 киши жараат алып, 1 киши каза болгон. Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы 10, жараат алган 10. Каза болгондор жок
2025- жылдын 11-айга карата жол транспорттук кырсыгынын анализи
| 2024-жыл | 2025-жыл | +/- | % |
Кырсык | 17 | 18 | +1 |
|
Каза болгону | 0 | 1 | +1 |
|
Жараат алганы | 25 | 26 | +1 |
|
2025-ж 11-айга карата жаш балдардын жол транспорттук кырсыгынын анализи
| 2024-жыл | 2025-жыл | +/- | % |
Кырсык | 6 | 10 | +4 |
|
Каза болгону | 0 | 0 | = |
|
Жараат алганы | 6 | 10 | +4 |
|
Баткен ШИИБү боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн окуу жана түшүндүрүү иштери.
| 2024-ж. | 2025-ж. |
Жалпы өткөрүлгөн окуу жана түшүндүрүү иштери. | 45 | 55 |
-мектептерде жана башка окуу жайларында | 30 | 34 |
-мекеме-уюмдарда жана ишканаларда | 19 | 23 |
Массалык маалымат каражаттарынан чыгуу (газета). | 14 | 20 |
Телевидение, интернет | 22 | 39 |
Жол кыймылына жана административдик
практикага көзөмөл жүргүзүү боюнча анализи.
2025-жылдын 11-ай ичинде Баткен ШИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузган 4940 (2024-ж 4328) айдоочуга карата административдик протокол түзүлдү салыштырмалуу +612 административдик протокол көп. Анын ичинен автоунааны мас абалда башкарган 123 (2024-ж 98) айдоочуга карата түзүлгөн административдик протокол түзүлүп 25 адм.протокол көп, материалдар Баткен ШИИБү боюнча ЖКК кызматкерлери тарабынан тийиштүү чара көрүлдү, ошондой эле “Коопсуз шаар” долбору боюнча 638 даана протокол келген, төлөнгөнү 518 даана, 120 даана проткол төлөнө элек.
Баткен шаар аймагында ЖККК бөлүмчөсү тарабынан 2025-жылдын 11 ай
ичинде пландуу откорулгон рейдтер жана операциялар:
Рейддердин аталышы | Өткөруүгөн рейдердин саны | Мас абалда |
|
«Ролдо» | 9 | 15 |
|
«Конул бургула балдар » | 3 |
|
|
«Автобус» Коомдук унаа | 7 |
|
|
«Өз алдынча озгортүү» | 5 |
|
|
«Ылдамдык» |
|
|
|
«Жолду уруксатсыз казуу» | 3 |
|
|
«Авто-розыск-костоправ» | 4 |
|
|
«Айнегин уруксат-з каралатуу» | 3 |
|
|
«Бахус» | 6 | 10 |
|
«Рекламалык щит» | 4 |
|
|
«Жүк ташуучу транспорт» | 2 |
|
|
«Коркунучтуу жүк» | 1 |
|
|
«Акыркы конгуроо» | 1 |
|
|
«Гололед» | 1 |
|
|
«Стихийная торговля» | 4 |
|
|
«парковка» | 1 |
|
|
«Пешеход» | 10 |
|
|
«Авто розыск» | 3 |
|
|
«Транспорт каражатын уйротуу» | 2 |
|
|
Жалпы саны | 55 |
|
|
Жол кыймылын уюштуруу кызматы тарабынан
2025-жылдын 11 ай ичинде аткарган жумушу боюнча.
Жалпысынан алганда Баткен шаарында 154 км. автомобиль жолу бар. Анын ичинен Эл аралык маанидеги 36 км., мамлекеттик маанидеги 649 км. ж/а жергиликтуу маанидеги 118 км.
Баткен ШИИБ боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана уюштуруу боюнча Баткен шаардык МД эксплулатациялоо ишканасынын жетекчиси А.Акматов менен биргеликте 158,2 км. жолду текшерип, аныкталган кемчиликтер боюнча Баткен шаардык МД жол тейлөө ишканасынын, Баткен шаарынын муниципиялдык департаментинин жана квартал башчыларына 2025-жылдын 11 айга карата жалпысынан 48 жолу жол көрсөтмөсү жазылды. Берилген жол көрсөтмөлөрүн өз убагында аткаргандыгы жана автоунаалардын тоскоолдуксуз каттоосуна шарт түзүп бергендиги боюнча МД ишканасы, «Баткен-Тазалык» акционердик коому жана айыл аймак башчылары тарабынан берилген жол көрсөтмөлөрдүн өз убагында аткарылгандыгы, ондоп-түзөө иштеринин жүргөндүгү боюнча маалымдамалар алынды. Ал эми Баткен шаары боюнча автоунаа жолдору жана көчөлөрүндө орду боюнча 60 даана жол белгилери керектелет, анын ичинен азыркы күндө болгону 306 даана жол белгилери бар, 60 даана жол белгиси жетишпейт жана 50 даана жол белгиси эскилиги жеткен. Баткен шаар унаа жолдорунда 923 даана кечки күйүүчү чырактар жайгашкан, анын ичинен 902 даанасы оң абалда. Баткен ШИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 6 ай ичинде баары болуп 172 эскертме (предписания) Баткен шаар мэриясына, мекеме ишканаларга берилип, анын ичинен 91 даана аткарууга алынып, 56 каралууда.
Баткен ШИИБ