Редакцияот 25.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

 

2025-жылдын 25-декабры № 89

 Баткен шаарынын Чет-Булак  аймактык башкармалыгынын аты жок көчөсүнө “Алымкул аталык” ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө ” №149 токтомунун  жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 8-декабрындагы сунуш катынын, шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук коопсуздук, кылмыштуулук, чек ара, Регламент, этика, ысымдарды жана наамдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XI сессиясы токтом кылат:

  1. Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүнүн түштүк тарабынан Чет-Булак кварталындагы стадионго карай кеткен (Айгүл-Таш подстанциясын аралап) аты жок көчөгө “Алымкул аталык” ысымы ыйгарылсын.
  2. Шаар калкына “Алымкул аталык” көчөсү ысымы берилгендиги шаардык Кеңештин расмий сайты  жана интернет булактар аркылуу жеткирилсин.
  3. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Гайыпова/ жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Аширов