Редакцияот 25.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

 

2025-жылдын 25-декабры № 90

 Баткен шаарынын  аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы  “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”  №795   токтомун жана нускамасын  аткарууга алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамына жана  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы   “Маркумду узутуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”  №795  токтомун аткарууга алуу максатында жана Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзам, укук, коопсуздук, кылмыштуулук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат жана этика, ысымдарды ыйгаруу, наамдарды берүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын  аймагында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы  “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”   №795   токтому жана бекитилген нускамасы  аткарууга алынсын жана Баткен шаарынын аймагына жайылтылсын.

 

2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жарыялансын.

3.Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Гайыпова/ жүктөлсүн

 

 

Төрага

 

А.Аширов