Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 94
Баткен шаарынын Аэропорт участкасындагы аянты 0,06 га болгон турак үйү менен жер тилкесин Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин карамагына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пункту, 34-берененин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесине жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 17-октябрындагы №01-12/5661 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Аэропорт участкасындагы 8-01-01-0003-1198 идентификациялык код менен катталган аянты 0,06 га жер тилкеси 89,94 м2 турак үйү менен Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин карамагына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Баткен шаарынын Аэропорт участкасындагы 8-01-01-0003-1198 идентификациялык код менен катталган аянты 0,06 га болгон жер тилкеси, аянты 89,94 м2 турак үйү менен жер тилкеси Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин карамагына кабыл алынгандыгы шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. 5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |