Редакцияот 25.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

 

2025-жылдын 25-декабры № 98

Баткен шаарынын  Келечек аймактык башкармалыгынын М.Салихов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчиктин карамагындагы борбордук эски мүрзөнүн күн чыгыш тарбындагы түштүк тарабынан унаа токтоочу жай  үчүн  жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө”                  №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2; 9; 13- беренелерине, 34-берененин 1-пунктуна   жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын  26-ноябрындагы  №01-12/6513 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XI сессиясы токтом кылат:

1.     Баткен шаарынын  Келечек аймактык башкармалыгынын М.Салихов көчөсүндө жайгашкан  муниципалдык менчиктин карамагындагы  борбордук эски мүрзөнүн аяныт 3,35 га жер тилкесиинин ичинен (күн чыгыш тарабындагы түштүк жагынан)   “унаа токтоочу жай” үчүн аянты 0,18 га  болгон жер тилкесин  бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.      Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий  сайты аркылуу жарыялансын.

3.     Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.     Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.     5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжнов/ жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Аширов