Редакцияот 25.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

 

2025-жылдын 25-декабры № 100

Баткен шаарынын  Аэропорт участкасындагы №8-01-01-0003-1166 идентификациялык код менен катталган аянты 0,10 га болгон жер тилкеси, турак үйү менен Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин  карамагына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

                                                                                             

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө”                  №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пункту, 34-берененин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесине жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 17-октябрындагы №01-12/5659 катынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин №801-2025-5918 сандуу келишимине ылайык,  Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XI сессиясы токтом кылат:

1.     Баткен шаарынын Аэропорт участкасындагы №8-01-01-0003-1166 идентификациялык код менен катталган аянты 0,10 га болгон жер тилкеси, турак үйү менен Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин  карамагына кабыл алууга  макулдук берилсин.

2.     Баткен шаарынын Аэропорт участкасындагы №8-01-01-0003-1166 идентификациялык код менен катталган аянты 0,10 га болгон жер тилкеси, турак үйү менен Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин  карамагына кабыл алынганды шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

3.     Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.     Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/  жүктөлсүн.                                            

 

 

Төрага

 

А.Аширов