Редакцияот 25.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

 

2025-жылдын 25-декабры № 101

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы И.Раззаков көчөсүндөгү 5558,0 м2 жер участогун Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин  карамагына кабыл алууга  макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө”                  №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пункту, 34-берененин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесине жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 17-октябрындагы №01-12/5662 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XI сессиясы токтом кылат:

1.     Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы И.Раззаков көчөсүндөгү                       8-01-005-0776 идентификациялык код менен катталган 5558,0 м2 жер участогу  Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин  карамагына кабыл алууга  макулдук берилсин.

2.     Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын аймагынан 5558,0 м2 жер участогу муниципалдык менчиктин карамагына кабыл алынгандыгы шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

3.     Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.     Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Аширов