Редакцияот 07.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 ХХIX чакырылышынын кезексиз  X сессиясы

 

2025-жылдын 7-июлу № 10/1

   

Жеке менчик турак жайларын куруу үчүн жер участокторун бекитип берүүгө макулдук берүү  жөнүндө

 

 

Жер мунапысын жүргүзүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомунун, Нарын районунун аймагында жер мунапысын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын 2025-жылдын 25-июнундагы №128 чечимин, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 1-июлундагы  №215-б буйругун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин нормаларына ылайык, Дөбөлү айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы    токтом кылат:

 

1.    Дөбөлү  айыл   аймагынын Кайыңды айылындагы төмөндө көрсөтүлгөн жер аянты Кайыңды айылынын тургуну турак жай куруу үчүн жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

№

А.А.А

Аянты м2

Контур №

Айылы

1

Таалайбек уулу Аскат

1500 м2

Ө. Тезекбаев көчөсү

Кайыңды

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

Б. Шералиев