Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 49 токтому менен бекитилди) |
Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө,
жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди
кабыл алуу тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Качкындын жол жүрүү документин тариздөө жана жекелештирүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
3-глава. Документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиби
4-глава. Качкындын жол жүрүү документин берүү
5-глава. Качкындын жол жүрүү документин алмаштыруу же жараксыз деп таануу тартиби
6-глава. Качкындын талап кылынбаган, жараксыз жана алынган жол жүрүү документтерин сактоо жана жок кылуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында качкын деп таанылган адамга берилүүчү качкындын жол жүрүү документин жекелештирүү, даярдоо, эсепке алуу, берүү, алмаштыруу, алып коюу жана жок кылуу документтерин кабыл алуу жана тариздөө жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары – АМС) – качкындардын маалыматтарын чогултууга, сактоого, өткөрүп берүүгө жана иштетүүгө байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болгон система;
анкета-арыз – электрондук түрдө таризделген, өтүнүч билдирген адамдын жеке маалыматтарын камтыган документ;
аймактык бөлүмдөр – качкындын жол жүрүү документин жекелештирүү үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү жүргүзүүчү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;
жекелештирүү борбору – жол жүрүү документтерин жекелештирүүнү жүргүзүүчү, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагындагы жекелештирүү бөлүмү;
санариптик колтамга (мындан ары – СК) – санариптик формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан жана санариптик документтин өзгөрбөстүгүн камсыз кылуу жана санариптик документтин авторун аныктоо үчүн колдонулган санариптик формадагы маалымат;
жол жүрүү документи – «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык качкын деп таанылган адамдын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусу жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү үчүн арналган белгиленген формадагы документ, ал улуттук паспорттун ордуна ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ катары колдонулушу мүмкүн.
3. Жол жүрүү документи тексттик, машина менен окула турган маалымат менен материалдык алып жүрүүчүдөгү документ түрүндө таризделет.
Жол жүрүү документи эки жылдык мөөнөткө берилет.
Качкындын ырастамасынын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлгөн жол жүрүү документинин колдонуу мөөнөтүнө узартылат.
Жол жүрүү документин алмаштыруу качкындын арызынын негизинде жүргүзүлөт.
Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген качкындын колдонуудагы ырастамасы көрсөтүлгөндө жол жүрүү документи жарактуу деп эсептелет.
4. Идентификациялык жеке номеринин болушу жана барган жери боюнча каттоодон өтүү качкындын жол жүрүү документин алуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Өтүнүч билдирген адамда идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН) жок болгон учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ИЖНди генерациялоону жана ыйгарууну жүргүзөт.
5. Жол жүрүү документинин бланктарынын формалары, сыпаттамасы, үлгүлөрү, анын техникалык өзгөчөлүгү, ошондой эле анкета-арыздардын формалары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
6. Жол жүрүү документин тариздөө, жол жүрүү документин жекелештирүү үчүн анкета-арызды жиберүү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө качкындын жеке өзү берген арызы боюнча жүргүзүлөт.
7. Качкындын жашы жете элек (18 жашка чейинки) балдарына, анын ичинде анын камкордугундагы же көзөмөлүндөгү балдарга жеке жол жүрүү документтери берилет.
Камкордукка же көзөмөлгө алынган жашы жете элек (18 жашка чейинки) балдар камкорчусунун, көзөмөлчүсүнүн же башка мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосунда гана Кыргыз Республикасынан чыгат.
8. Качкындын жол жүрүү документин тариздөө, жекелештирүү жана берүү үчүн төлөм анкета-арыз берилген күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен өтүнүч билдирген адам тарабынан төлөнөт.
Качкындын жол жүрүү документин тариздөө, жекелештирүү жана берүү үчүн төлөм ырасталбаган учурда санариптик анкета-арыз кабыл алынган жок деп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Качкындын жол жүрүү документин тариздөө жана
жекелештирүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
10. Документтерди биринчи жолу тапшырууда:
1) качкындын ырастамасы;
2) чет өлкөлүк жарандын паспорту – болсо;
3) никени каттоо же бузуу жөнүндө күбөлүк (никеге турганда, нике бузулганда), жубайынын каза болгондугу тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) – болсо.
4) маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу качкындын колдонуудагы статусу бар экендигин ырастоого мүмкүн болбогон учурда миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастоочу өтүнүч каты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Алмаштырууда:
1) качкындын жол жүрүү документи;
2) качкындын ырастамасы.
3) маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу качкындын колдонуудагы статусу бар экендигин ырастоого мүмкүн болбогон учурда миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастоочу өтүнүч каты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Жоголгондо:
1) качкындын ырастамасы.
2) маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу качкындын колдонуудагы статусу бар экендигин ырастоого мүмкүн болбогон учурда миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастоочу өтүнүч каты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жашы жете элек (18 жашка чейинки) үчүн:
1) качкын деп таанылган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
2) ата-энесинин, камкорчунун же көзөмөлчүнүн бала жөнүндө маалыматы бар качкындын ырастамасы.
Жашы жете элек (18 жашка чейинки) адамдын кызыкчылыгы үчүн качкындын жол жүрүү документин тариздөө жана жекелештирүү жөнүндө арызды анын мыйзамдуу өкүлү (ата-энеси, камкорчусу же көзөмөлчүсү) тарабынан берилген, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде өкүл аркылуу берүүгө жол берилет. Мындай ишеним кат көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасоого атайын ыйгарым укуктарды камтууга тийиш.
3-глава. Документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиби
14. Качкындын жол жүрүү документин жекелештирүүгө документтерди кабыл алуу жана анкета-арызды толтуруу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери тарабынан ушул Жобонун 2-главасында көрсөтүлгөн тизмекке ылайык берилген документтердин негизинде жүргүзүлөт.
Берилген документтерде оңдоонун, кырып өчүрүүнүн жана кошуп жазуунун белгилери жана/же документтин жасалма белгилери табылган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бул жөнүндө миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле мамлекеттик ички иштер органдарына дароо кабарлоого жана үч нускада актыны түзүүгө милдеттүү: бир нускасы бир жумуш күндүн ичинде аймактык бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча мамлекеттик ички иштер органына жиберилет, экинчиси калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү өтүнүч билдирген адамга берилет.
Ошондой эле электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу актынын сканерленген нускасы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Өтүнүч билдирген адамдан качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө алынган, оңдоонун, кырып өчүрүүнүн жана кошуп жазуунун белгилери жана/же документтин жасалма белгилери табылган документтерди кабыл алуу маселеси компетенттүү органдардын акыркы чечими чыгарылгандан кийин чечилет.
15. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери тарабынан анкета-арызды толтурууда төмөнкүдөй иш-аракеттер жасалат:
1) миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтар базасы боюнча качкындын учурдагы статусунун бар экендигин текшерүү. Качкындын учурдагы статусу жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда анкета-арызды андан ары тариздөө миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүч катынын негизинде жүргүзүлөт;
2) “ЖААК” автоматташтырылган маалыматтык системасында ИЖНди, Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасында (ТМЭБС) барган жери боюнча каттоосун, “Жарандык” автоматташтырылган маалыматтык системасында Кыргыз Республикасынын жарандыгынын бар экендигин текшерүү;
3) качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө АМСке киргизүү үчүн өтүнүч билдирген адам тарабынан берилген документтердин түп нускаларын сканерлөө. Сканерленгенден кийин документтердин түп нускалары өтүнүч билдирген адамга кайтарылууга тийиш;
4) өтүнүч билдирген адамдан анкета-арызга киргизилген маалыматтардын тууралыгын тактоо. Анкета-арызга өтүнүч билдирген адам электрондук жеке кол тамга алуу үчүн түзүлүш аркылуу кол коет. Жашы жете элек (18 жашка чейинки) адам үчүн “Колу” деген жерге анын аты көрсөтүлөт;
5) өтүнүч билдирген адамдын бетин сүрөткө тартуу.
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери документтерди кабыл алууда өтүнүч билдирген адамга аларды кабыл алуу датасын көрсөтүү менен документтердин кабыл алгандыгы жөнүндө тил кат берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери тарабынан текшерилген жана СК аркылуу кол коюлган анкета-арыз сканерленген документтер менен бирге байланыштын корголгон электрондук каналдары аркылуу жекелештирүү борборуна жиберилет.
СКны колдонуу санариптик документтин аныктыгын, арыздын тишелүүлүгүн жана мазмунунун өзгөрүлбөгөндүгүн ырастайт.
17. Анкета-арыз келип түшкөндө жекелештирүү борбору качкындын жол жүрүү документин жекелештирүүнү жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Качкындын жол жүрүү документин тариздөө, даярдоо жана берүү анкета-арыз толтурулган күндөн тартып 18 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
19. Качкындын даярдалган жол жүрүү документтери жекелештирүү борбору тарабынан калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Качкындардын жол жүрүү документтеринин бланктары миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жекелештирүү борборуна акты боюнча берилет.
4-глава. Качкындын жол жүрүү документин берүү
21. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган качкындын жол жүрүү документин өтүнүч билдирген адамдын өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берет.
22. Качкындын жол жүрүү документин берүүдө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) качкындын жол жүрүү документи кимдин атына даярдалса, өтүнүч билдирген адамдын ошол адам экендигин текшерүүгө;
2) өтүнүч билдирген адамга качкындын жол жүрүү документине киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоого;
3) заводдук же өндүрүштүк кемчилик табылган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери ушул Жобонун 23-пунктуна ылайык иш алып барат.
23. Качкындын жол жүрүү документинде заводдук же өндүрүштүк кемчилик табылган учурда үч нускада акты түзүлөт. Актынын биринчи нускасы жекелештирүү борборуна жиберилет. Актынын экинчи нускасы жол жүрүү документинин жараксыз болгон бланкы менен бирге миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Актынын үчүнчү нускасы өтүнүч билдирген адамга берилет.
231. Заводдук же өндүрүштүк кемчилик табылгандан кийин качкындын жол жүрүү документин кайра даярдоо актыны берүү менен өтүнүч билдирген адам тарабынан арыз берилген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
232. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жекелештирүү борборунун кызматкери тарабынан заводдук же өндүрүштүк кемчиликке алып келген катага жол берилген учурда качкындын жол жүрүү документин кайра даярдоо Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Качкындын жол жүрүү документин алмаштыруу же
жараксыз деп таануу тартиби
25. Качкындын жол жүрүү документи төмөнкү учурларда жараксыз болуп саналат же тапшырылууга, алмаштырылууга тийиш:
1) качкындын жол жүрүү документинин колдонуу мөөнөтү аяктаганда ушул Жобонун 2-главасына ылайык;
2) качкындын жол жүрүү документи жоголгондо ушул Жобонун 2-главасына ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык качкын статусун жоготкон учурда качкын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын качкын статусун жоготуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн алгандан кийин качкындын жол жүрүү документин миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырат;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык качкындын жол жүрүү документинде оңдоонун, кырып өчүрүүнүн жана кошуп жазуунун белгилери жана/же жол жүрүү документинин жасалма белгилери белгиленгенде жана ырасталганда;
5) качкындын жол жүрүү документи жараксыз болуп калган, механикалык жактан бузулган, анын колдонуу мөөнөтү өз убагында узартылбаган учурда.
26. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
27. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
28. Качкындын жараксыз жол жүрүү документтери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынууга тийиш, андан ары аларды миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга акты боюнча өткөрүп берет.
29. Качкындын жарактуу жана жараксыз жол жүрүү документтеринин реестри миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана жүргүзүлөт.
30. Реестр ар бир документ жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде анын статусу, берилген датасы, колдонуу мөөнөтү жана качкын статусун жоготуу жөнүндө маалыматты камтыйт. Реестрди жаңыртуу мезгилдүүлүгү миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6-глава. Качкындын талап кылынбаган, жараксыз жана
алынган жол жүрүү документтерин сактоо жана жок кылуу
тартиби
31. Эгерде өтүнүч билдирген адам жол жүрүү документин алуу үчүн ал таризделген күндөн тартып эки айдын ичинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө келбесе, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жол жүрүү документин тийиштүү актыны тиркөө менен бир жыл бою сактоо үчүн миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин качкындын жол жүрүү документтери миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан жок кылынууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Качкындын жол жүрүү документтери төмөнкү ыкмалар менен жок кылынат:
– качкындын жол жүрүү документиндеги маалыматтарды машина менен окулуучу зонадан эсепке алуу журналына киргизүү менен качкындын жол жүрүү документин тешкич менен тешүү;
– качкындын жол жүрүү документинин биринчи барагындагы номерди кесип алуу, качкындын жол жүрүү документинин калган барактары тешкич менен тешилет, ошол эле учурда качкындын жол жүрүү документинин кесип алынган номери эсепке алуу журналына чапталат.
33. Качкындын жол жүрүү документтерин жок кылуу боюнча комиссиянын жыйналышы жылына бир жолу өткөрүлөт.
34. Качкындын жол жүрүү документтерин жок кылууда комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жок кылуу жөнүндө акты түзүлөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.