Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII чакырылыш, кезектеги №10 сессиялык отурум
2025-жылдын 4-сентябрь № 35
Долбоорду биргелешип каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдыры жөнүндө” Мыйзамынын 3 пунктунун 34-беренесине ылайык,Алексеевка айылынын Ж.Базаркулова көчөсүндөгү жолду оңдоо боюнча Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е. Дженбаеванын сөзүн угуп, талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. «Алексеевка айылынын Ж.Базаркулова көчөсүндөгү жолду оңдоо» долбоору 5 679 751 сом 00 тыйын (беш миллион алты жүз жетимиш тогуз миң жети жүз элүү бир) сом 00 тыйынга бекитилсин.
2. «Алексеевка айылынын Ж.Базаркулова көчөсүндөгү жолду оңдоо» долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн сунушталат.
3. Долбоорду биргелешип каржылоо жана ишке ашыруу үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 135 950 сом 00 тыйын (бир миллион бир жүз отуз беш миң тогуз жүз элүү) сом 00 тыйын бөлүнсүн, долбоордун жалпы наркынын 20% түзөт.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е. Дженбаевага жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Чолпонкулов К.К. |