ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII Чакырылыш, кезектеги №10 сессиялык отурум
2025-жылдын 04-сентябрь № 35/1
Жайыл айыл аймагынын аймагындагы «Айыл чарба жерлери» (жайыт) категориясынан « өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо)
Парк жана кичи футбол аянтчасын куруу үчүн, Калдык айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Жайыл айыл кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калдык айылындагы №258, №259 контурунан баардыгы болуп 0,53 га жер аянты “Айыл чарба жерлери” (жайыт) категориясынан " өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформацияга) маккулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е.Дженбаевага жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Чолпонкулов К.К. |