Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 93-VIII
“2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы
“Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)” долбоору боюнча
кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2026-жылдын 15-январындагы чыг. № 18-204) “2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Н. Тургунбек уулу |