Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-январы № 48
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун экинчи абзацы “тышкары” деген сөздөн мурда “, АИ-92 (К-2) маркасындагы бензин, АИ-80 маркасындагы бензин жана дизель отуну (К-2), “Чайна Петроль Компани “Джунда” жоопкерчилиги чектелген коому мунайды кайра иштетүүчү заводу үчүн нафтадан” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |