Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-январы № 39
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 26-декабрындагы № 807 “Кылым Банк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 807 “Кылым Банк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |