Загрузка документа…
| Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-мартындагы IXчакырылыштын кезектеги IV сессиясынын № 37-токтомуна -тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Минимстрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 « Пилоттук режимде адмнистративдик –аймактык реформа жүргузүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу айылдык кеңештердин биригүүсүн эске алып, Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө
Типтүү жобо
1.Жобонун максаты
1.1. Типтүү жобонун негизги максаты, улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын шашоо деңгээлдерин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын көздөп, элдин саламаттыгын, адеп-ахлагыне коргоону камсыз кылуу, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ырым-жырымдарды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын эске алууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү, үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгын ишке ашыруу болуп эсептелет.
1.2. Жобо элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу жана иретке келтирүү, жарандардын жашоо деңгээлдерин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын көздөө, элдин саламаттыгын, адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу, кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгына ылайык, тийиштүү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү айыл жергесиндеги комиссия дин кызматкерлери, коомдук уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып барат.
1.3. Жобо жарандардын үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларын өткөрүүдө, ар бир жаран өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жана ири акча каражатын чыгымдообого, үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирбөөгө, калктын жашоо деңгээлине терс таасирин токтотууга, маркумду акыркы сапарга узатуудагы жана андан кийинки эскерүү үрп-адаттарындагы ысырапкерчиликке жол бербөөгө багытталган.
1.4. Жобо жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн, салтын эске алуу менен иштелип чыккан жана жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
2. Жобону күчүнө киргизүү тартиби
2.1. Айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен төмөндөгү курамда комиссия түзүлөт.
- айыл өкмөтүнүн кызматкерлери;
- жергиликтүү Кеңештин депутаттары;
-маданият тармагынын кызматкери;
-ички иштер бөлүмүнүн кызматкери;
- ардагерлер кеңешинин мүчөсү;
- аялдар жана жаштар кеңешинин мүчөлөрү;
-аксакалдар сотунун мүчөсү;
-дин уюмунун мүчөсү;
-өкмөттүк эмес уюмдарынын мүчөсү;
-жергиликтүү коомдоштурулган уюмдардын мүчөсү;
2.2. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү Кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын сайттарына жарыяланат.
2.3. Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү Кеңеш тарабынан токтоосуз таныштырылат.
3. Жободогу колдонулган түшүнүктөр
3.1. Жободо төмөндөгү түшүнүктөр колдонулду:
Бешик-той-бала төрөлгөндөн кийин, төрөлгөн учурда бешикке салынып бөлөнөт. Ошол учурда кыздын ата-энеси небересин бешикке салуу максатында бешик жасап алып барат.
Тушоо кесүү- бала каз-каз туруп, өз алдынча кадам койгон мезгилде жана кадам шилтеп басып калган учурда, чалынып жыгылбай тез басып кетүүсүн тилек кылып, баланын аягын жип менен тушап, жеткинчек балдардан тартып чуркаганга чейин жараган аксакалдардан бери кандайдыр бир аралыктан чуркатып, балагга биринчи жетип келген жаран, баланын тушоосун кесип , чалынбай тез басып кет деген тилек менен колунан жетелеп чыгат. Тушоо кескен жаранга белек берилет.
Сүннөт той- эркек бала 5-7 жашка чыккан мезгилде сүннөткө отургузу, ата-энесинин парзы экен. Ошол учурдаа атайын сүннөт той өткөрүлөр болуп жатат.
Маараке той- адам баласы кандайдыр бир белгилүү жашка толгон учурда белгилеп берүүлүчү той.
Жаңы үйгө кирүүдө, үй той- адам баласы жашоодо баш калкалоо үчүн турак жай салып, аны күндөлүк турмушта жашоо үчүн пайдаланып келет. Жаңы турак жайга кирген учурда берилүүчү той.
Маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумдун үч күндүк, кырк күндүк, айт күндөрүндө, жылын эскерүү чаралары жана башка эскерүүлөр-маркумду эскерүүгө арналган салттар.
Маркумдун ашын берүү- маркумду эскерүү үчүн кандайдыр бир мезгилден кийинки салт.
4. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү тартиби.
4.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарын сүннөткө отургузуу, үйлөнүү, кыз узатуу той, үй той, куда тосуу, туулган күнүн белгилөө, маараке салтанаттары жана башка салтанаттар кирет.
А) үйлөнүү тойлору боюнча:
- той кечки саат 18:00дөн кечиктирилбестен башталып, түнкү саат 23:00 до бүтүүгө тийиш;
-тойго чакырылгандардын саны чектелбейт, бирок ысырапкерчиликке жана ашыкча чыгымсыз өткөрүү сунушталат;
- жаш жубайлардын жарандык абалын жаздыруу актысына (ЗАГС) чыгууга жана башка иш-чараларына (сейилдөөгө чыгууга) авто уналардын саны 3 бирдиктен ашпоого тийиш;
-үйлөнү тоюн алып баруучуга улуттук каада-салттарга туура келбеген маданиятсыз оюн-зоокторду өткөрүүгө тыюу салынат.
б) кыз узатуу аземи боюнча:
-кыз узатуу тоюу үйдө өткөрүлөт жана элдин батасы менен күндүз узартылат, үй шартына жараша кафеде өткөрүүнү каалагандар үчүн кафеде тыюуу салынбайт, бирок ашыкча ысырапкерчилик жол берилбейт. Күндүзү саат 18:00 чейин бүткөрүлөт;
-кыз күйөөгө өкүл ата, өкүл апа белгилөөдө көптөгөн себет жана кийим-кече кылууга, кой союууга чектөө киргизилет;
-кызды турмушка чыгарууда калың жана мүчөө алууга, сеп берүүгө чектөө киргизилет жана куда тосууда түштөндүрүү берүүгө тыюуу салынат;
в) Юблей тойлор боюнча:
-атандашуусуз, ысырапкерчиликсиз аз сандагы конокторду чакыруу менен өткөрүүгө сунушталат;
-кафеде өткөрүүгө тыюу салынбайт, бирок коноктордун саны 200дөн ашпоого тийиш;
-той кечки саат 18:00дон кечиктирилбестен башталууга жана түнкү саат 23:00до бүтүшү тийиш.
г) Сүннөт той, тушоо той, жентек жана башка майда салттуу тойлор
-тойлорду үйдө чакан тугандар менен өткөрүүнү колдоого алуу;
-кафеде өткөрүү тыюу салынбайт, бирок күндүз саат 18:00го чейин өткөрүлүп бүтүгө тийиш.
Д) Салтта жок шаң-шөкөттөрдү өткөрүү боюнча
- сыйлык, чин, наам, илимий жана кесиптик дааража алганын белгилөө классташ, бир туугандар, жоролор, бажалар, кудалар, келиндер, аялдар отуруштары мектепти окуу жайды аяктаганына 5-10-20-жылдык кечелер тар чөйрөдө өткөрулөт жана ири деңгээлде кафе, тойканаларда өткөрүүгө тыюу салынат.
4.2. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү үрп-адаттарына бейшембилик, жетилик, кыркылык, жылдык өткөрүү, аш берүү жана сөөк коюу ырым-жырымдарына кирет.
-Маркумду акыркы сапарга узатууга келгендердин саны чектелбейт;
-Маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчилик кылууга жол берилбейт;
(Дасторконго мөмө-жемиш, салат ж.б. ашыкча нерсе коюлбайт)
- Маркумду узатууда сөөк чыккан жерде мал-жандык союлбайт. Алыстан келген меймандар, куда-сөөктөр үчүн кошунанын же жакын туганынын үйүндө ашыкча ысырапкерчилике келтирбей узатылат;
-бейшембилик, жетилик, кыркылык өткөрүлбөйт;
-Мүмкүнчүлүкө жараша каалаган учурда маркумга куран окуту өткөрүүгө болот;
-маркумга карата кошок кошчуларды жалдоого, кыздарынын ак, көк кийүүсүнө, тон жабууга, кийит илүүгө жана жыртыш берүүгө тыюу салынат;
-сөөк коюуда жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди ичүүгө, куюуга, мас абалында келүүгө, жүрүүгө тыюу салынат;
-аза күткөн, кайгыга кабылган, жакыр, жетим-жесир абалдагы үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иштерин уюштуруу, акча каражат жагынан жардамдарды берүү колдоого алынат;
-мүрзөгө эстелик тургузулбайт (арзан материал белги коюлсун)
-Аш берүүгө жакын туугандары менен ысырапкерчилик жана ашыкча чыгым келтирбей өткөрүү каралсын. Ал эми аталган иш-чараларды болтурбоо жана аталган иш-чарага каралган каражатты жумшоо максатында, анын ордуна айылга таза суу чыгарууну, жолду асфальтоону, шагыл төгүүнү, жарыктандырууну, жөө жол салууну (тротуар), жетим-жесирлерге жардам берүүнү, мааракенин ээсине сунуш кылынат.
5. Жобонун аткаруу боюнча иш-чаралар
5.1. Жобонун талабын аткарууну көзөмөл алуучу органдар;
-Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилген жергиликтүү комиссиянын өкүлдөрүү;
-айылдык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери;
-Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү каада салт, диний ырым-жырым маселелери боюнча жергиликтүү комиссия жободогу талаптардын аткарылышын жана сакталышын камсыз кылуу боюнча иш пландарды иштеп чыгат. Бекитилген иш пландарына ылайык жободо белгиленген тартиптерди сактоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштрин жүргүзөт;
- Аймактык комиссия бул иште жалпы жетекчилик кылат, жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттардын өткөрүү боюнча алдыңкы тажырыйбаларды жалпылайт жана аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт.
-Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жобонун аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзөт. Конок берүүгө жана багууга, көк бөөрү ( улак тартыш) оюнунун берүүдө ири өлчөмдө байгелерди саюууга (автоуна, жылкы, ири мүйүздү мал, кой-эчки, топоз, төө, килем, кымбат баалуу буюмдар) чектөө салынат. Байгесине кымбат эмес жана аз өлчөмдөөгү буюм-теримдерди саюу сунушталат.
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
6.1. Жобонун тартиптери бузулган учурда ар бир жаран Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү каада салт, диний ырым-жырым маселелер боюнча жергиликтүү комиссиянын ар бир мүчөсү комиссиянын төрагасына маалымдайт.
6.2. Жергиликтүү комиссия мүчөлөрү үй-бүлөлүк салтанаттарлды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттары өткөрүлүп жаткан жерлерге чогуу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, иш-чара өткөрүп жаткан адамга жобонун талаптарын тааныштырып, ал туралуу журналга кол койдурат. Жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптары бузулган учурда акт түзүлөт, ал туралуу комиссияда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (а.и. коомдук уяткаруу чарасы) көрөт.
6.3.Айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү боюнча Типтүү жобонун талабын бузгандыгы үчүн жарандарга жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) 150 миң сом айып пул салынат жана айыл өкмөт тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.
Жооптуу катчы |
Д.Турумкулова
|