Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 ХХIX чакырылышынын кезексиз  XII сессиясы

 

2025-жылдын 1-августу № 12/4

    

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын Тамды-Суу айылына  тракторду баардык шаймандары менен  алуу долбоорун кароо жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, айыл тургундарына айыл чарба кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында  Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, айыл тургундарына айыл чарба кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылына тракторду баардык шаймандары менен алуу долбоору жактырылсын.

 

2.    Долбоорду каржылоого Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн өнүктүрүү фондунан  5 513 000 (беш миллион беш жүз он үч миң) сом акча каражаты суралсын.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

  

 Төрага:

Б. Шералиев