Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 26/2
Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылындагы “Татына” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча эки тайпа ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы №689-токтомуна ылайык Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылында жайгашкан “Татына” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча эки тайпа ачуу боюнча карап чыгып талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бала бакчага кошумча штаттык бирдик жагы жана кабыл алынуучу балдарга 60 (алтымыш) орунга квота берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |