КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 36/XIII – 3
“Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесин турмушка ашыруу максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктунуна ылайык жана Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
- Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага У.Б.Абдрасулов