Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 10 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Каир шаары, 2025-жылдын 5-ноябры
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Пландоо, экономикалык өнүктүрүү жана эл аралык кызматташуу министрлиги менен көрсөтүлгөн Мисир Араб Республикасынын Өкмөтү (мындан ары Тараптар деп аталуучу),
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары бекемдөөгө умтулуп, жана
эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, илимий жана техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө умтулуп,
келишимдик мамилелерди тереңдетүү мындан аркы кызматташуу үчүн жагымдуу шарттарды жана талаптагыдай негизди түзөрүнө ынанып,
төмөнкүлөр боюнча макулдашты:
1-берене. Максаты
Тараптар экономикалык, илимий жана техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө тиешеси бар бардык тармактарда Тараптардын мамлекеттеринде колдонулган мыйзамдарга ылайык жана Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен теңдиктин жана өз ара пайданын негизинде өз ара пайдалуу экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана диверсификациялоого көмөктөшөт.
2-берене. Кызматташуу тармактары
Тараптар учурдагы жана келечектеги мамилелердин негизинде өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда 1-беренеде айтылган экономикалык, илимий жана техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө макул болушту.
3-берене. Кызматташууну ишке ашыруу ыкмалары
1. Тараптар 1-беренеде көрсөтүлгөн экономикалык, илимий жана техникалык кызматташууну төмөнкүдөй талаптагыдай каражаттар аркылуу ишке ашырууга умтулат:
- экономикалык саясатты иштеп чыгууга жооптуу адамдардын, Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын, кесиптик уюмдарынын, бизнес-федерацияларынын, палаталарынын, региондук жана жергиликтүү органдарынын ортосунда байланыштарды түзүүгө жана кызматташууну бекемдөөгө көмөктөшүү, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган экономикалык маалымат алмашууну, ошондой эле алардын өкүлдөрүнүн жана башка экономикалык жана техникалык делегациялардын иш сапарларын алмашууну колдоо;
- өнүктүрүү долбоорлоруна ишкерлердин катышуусуна көмөктөшүү жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы болгон байланыштарды кеңейтүү, анын ичинде сапарларды, жолугушууларды жана байланыштардын башка формаларын колдоо;
- инвестициялык ишти колдоо, биргелешкен ишканаларды, ошондой эле чарбакер субъекттердин өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын түзүү;
- Тараптардын мамлекеттеринин чарбакер субъекттерин жарманкелерге жана көргөзмөлөргө катышууга, ошондой эле ишкер иш-чараларды, семинарларды, симпозиумдарды жана конференцияларды уюштурууга колдоо көрсөтүү;
- чакан жана орто ишканалардын эки тараптуу экономикалык мамилелерге кыйла активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү;
- өз ара кызыкчылык жаатында консультациялык жана маркетингдик кызматтарды көрсөтүүдө кызматташууга дем берүү;
- биргелешкен иш-чараларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзүү максатында адистерди жана ишкер жана техникалык делегацияларды алмашуу, алар боюнча чыгымдарды аларга катышкан субъекттер көтөрөт.
2. Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары экономикалык ишти, инвестицияларды, стандартташтырууну жана сертификаттоону, концессияларды, лицензияларды жана уруксаттарды берүү шарттарын, интеллектуалдык жана өнөр жай менчигин, ошондой эле автордук жана чектеш укуктарды жана Тараптардын өз ара кызыкчылыктарынын башка тармактарын жөнгө салуучу өздөрүнүн мыйзамдары жөнүндө маалымат алмашат.
4-берене. Биргелешкен комиссия
1. Тараптар эки Тараптын өкүлдөрүнөн турган, мындан ары Комиссия деп аталуучу, Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен кыргыз-мисир комиссиясын түзүшөт.
2. Комиссиянын милдеттери:
- ушул Макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн зарыл чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле аткарылган иштерди жана алардын Макулдашуунун максаттарына ылайыктуулугун кароо;
- Тараптардын ортосундагы кызматташууну чыңдоого мүмкүн болгон тармактарды аныктоо;
- ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- ушул Макулдашуунун алкагында эки тараптуу мамилелерди бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо;
- зарылдыгына жараша жумушчу топторду түзүү;
- Комиссиянын ишинин жүрүшү жөнүндө мезгилдүү отчетторду даярдоо.
3. Комиссия андагы өз бөлүгүнүн төрагасын аныктай турган кыргыз бөлүктөн жана Мисир Араб Республикасынын Пландоо, экономикалык өнүктүрүү жана эл аралык кызматташуу министрлиги баштаган мисир бөлүгүнөн турат. Кыргыз бөлүгүнүн төрагасы өз бөлүгүнүн катчысын жана башка мүчөлөрүн дайындайт. Мисир бөлүгүнүн төрагасы өзүнүн орун басарын, өз бөлүгүнүн катчысын жана башка мүчөлөрүн дайындайт.
4. Комиссия Тараптардын мамлекеттеринин мекемелеринин, уюмдарынын, ишканаларынын, министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турат.
5. Комиссия өз жыйналыштарын үч жылда бир жолу кезек менен Кыргыз Республикасында жана Мисир Араб Республикасында Тараптардын суроо-талабы боюнча өткөрөт, мында негиздүү учурларда комиссиянын жыйналыштары кыйла эрте мөөнөттөрдө өткөрүлүшү мүмкүн.
6. Комиссиянын жыйналыштарына өз делегацияларынын катышуусу боюнча чыгымдарды ар бир Тарап көтөрөт.
7. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколу англис тилинде түзүлөт жана Комиссиянын тиешелүү бөлүктөрүнүн төрагалары тарабынан кол коюлат. Протокол Комиссиянын жыйналышында кабыл алынган келишимдерди камтыйт.
5-берене. Эл аралык милдеттенмелер
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык уюмдарга мүчөлүгүнөн келип чыгуучу эл аралык милдеттенмелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Мисир Араб Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерге зыян келтирбейт.
6-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу менен байланышкан ар кандай талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
Ушул Макулдашууну жалпысынан ишке ашыруу же чечмелөө менен байланышкан ар кандай талаш-тартыштарды Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечет.
7-берене. Түзөтүүлөр
Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча дипломатиялык каналдар аркылуу өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн, мында өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
8-берене. Маалыматтын купуялуулугу
Тараптар алмашкан бардык маалыматтар өтө купуя деп эсептелет жана экинчи Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга ачыкка чыгарылбайт. Ал ошондой эле Макулдашууда көрсөтүлгөн башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
9-берене. Күчүнө кириши, колдонулушу жана колдонулушунун токтотулушу
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү укуктук жол-жоболорду эки Тарап тең аяктагандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш (5) жылга түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири аны токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө алдын-ала алты (6) ай мурда билдирбесе, кийинки ушундай мөөнөттөргө автоматтык түрдө узартылып турат.
Эгерде Тараптар жазуу түрүндө башкача макулдашпаса, ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу аны колдонуу мезгилинде ишке ашырылган программаларга жана долбоорлорго алар толугу менен аяктаганга чейин таасирин тийгизбейт.
Каир шаарында 2025-жылдын 5-ноябрында эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб жана англис тилдеринде кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Мисир Араб Республикасынын Өкмөтү үчүн |