Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 19-майы № 304
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
- 2-главанын 2, 3-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:
- 2-главанын төртүнчү абзацында "жазык аткаруу системасы," деген сөздөр алып салынсын;
- 3-главада:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин;";
- 4-главада:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин;";
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин;";
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;";
- 5-главада:
алтынчы абзацта "жазык аткаруу системасы," деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |