РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1178-т (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 31.12.2025
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

 

2025-жылдын 31-декабры № 1178-т

 

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун ("Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасы, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун ("Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоорлору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев