Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 8-сентябры № 452
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 «Автоунаа каражаттары
үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же
тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин
сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу номердик белгилерине сертификаттарды сатуу ыкмаларын оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги - автоунаа каражатынын цифралардын жана/же тамгалардын атайын топтомун камтыган мамлекеттик каттоочу номердик белгиси;
онлайн-аукцион - ыйгарым укуктуу органдын сайтында өткөрүлүүчү цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди жеке адамдарга сатуу методу;
баштапкы баа - цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин онлайн-аукциондо баштапкы белгиленген баасы;
онлайн-аукциондун кадамы - онлайн-аукциондун жүрүшүндө старттык бааны жогорулата турган кошумча баа жана онлайн-аукционду өткөрүү системасы тарабынан жарыяланган ар бир кийинки баа;
катышуучу - ушул Жобо менен онлайн-аукционго катышуу үчүн аныкталуучу, белгиленген тартипте каттоодон өткөн жеке адам;
жеңүүчү - онлайн-аукциондо жеңип алган катышуучу;
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин атынан чыгуучу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы;
тастыктама - цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алуу фактысын ырастоочу белгиленген формадагы документ/электрондук документ.»;
- 6-пункттагы «жана жалпыга маалымдоо каражаттарында» деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттун «в» пунктчасындагы, 10, 15-пункттардагы «10» деген цифралар «30» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 17-пунктта:
биринчи абзац «жеңүүчүсүнүн» деген сөздөн кийин «кагаз жүзүндөгү тастыктама жана/же электрондук түрдөгү» деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацтагы «жана жери» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- электрондук тастыктаманын номери;
- электрондук тастыктама үчүн электрондук санариптик колтамга;
- электрондук тастыктаманын аныктыгын текшерүү үчүн QR-код.»;
- 18-пункттун экинчи абзацындагы «жогорулатпаса» деген сөздөр «ырастабаса» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-пункттагы «, ошондой эле ассоциациялык номердик белгилер» деген сөздөр алып салынсын;
- 191-пункттагы «же ассоциациялык номердик белгини» деген сөздөр алып салынсын;
- 192-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Жаран ошондой эле электрондук тастыктама алууга укуктуу, мындай учурларда жаран:
- каалаган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини тандайт;
- каалаган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини тандоонун жыйынтыгы боюнча система көрсөтүлгөн номердик белги үчүн акы төлөө кодун автоматтык түрдө түзөт;
- жаран алынган акы төлөө кодунун негизинде цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин наркын төлөйт;
- акы төлөөнү аяктоонун жыйынтыгы боюнча жарандын жеке кабинетинде сатып алынган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгиге электрондук түрдөгү тастыктама автоматтык түрдө түзүлөт.»;
- 5-главанын аталышындагы «тастыктамага» деген сөз «кагаз жүзүндөгү тастыктамага/электрондук түрдөгү тастыктамага» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23. Жаран төмөнкүлөргө укуктуу:
- тастыктама алгандан кийин тастыктамада көрсөтүлгөн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесине кайрылууга;
- цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алуу фактысын ырастоочу электрондук тастыктаманы кагаз жүзүндө басып чыгарууга жана аны электрондук тастыктамада көрсөтүлгөн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесине көрсөтүүгө;
- электрондук тастыктамада көрсөтүлгөн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини алуу үчүн өзүнүн жеке маалыматтарын (аты-жөнүн, ИЖН) билдирүү менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесине кайрылууга.
«Транспорттук каражаттардын регистри» автоматташтырылган маалыматтык системасында сатып алынган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.»;
- 24-пункттагы «Санариптик өнүктүрүү», «тастыктаманы» деген сөздөр «Ички иштер», «кагаз жүзүндөгү тастыктаманы жана/же электрондук түрдөгү тастыктаманы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25. Жаран кагаз жүзүндөгү тастыктамага жана/же электрондук тастыктамага болгон менчик укугун башка жакка өткөрүп берүүгө укуктуу.
Кагаз жүзүндөгү тастыктаманы башка жакка тариздөө үчүн тараптар төмөнкүдөй документтерди берүү менен ыйгарым укуктуу органга кайрылат:
- тараптардын паспортун (ID-картасын);
- тараптардын тастыктаманы өткөрүп берүү жөнүндө биргелешкен арызын;
- тастыктаманы кайра тариздөө наркын төлөө жөнүндө квитанцияны.
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тастыктаманы жаңы ээсине токтоосуз берет.
Электрондук тастыктаманы башка жакка тариздөө үчүн:
- сатып алуучу онлайн-аукцион системасындагы «Тастыктамаларды кайра тариздөө» кошумча тиркемесине электрондук тастыктаманын жана сатуучунун паспорттук маалыматтарын киргизет жана суроо-талапты сатуучунун ырастоосуна жиберет;
- сатуучу онлайн-аукцион системасындагы жеке кабинетинде булут электрондук санариптик колтамга аркылуу сатып алуучудан кайра тариздөөгө суроо-талапты ырастайт;
- электрондук тастыктаманы кайра тариздөөгө суроо-талап ырасталгандан кийин онлайн-аукцион системасы электрондук тастыктаманы кайра тариздөө үчүн акы төлөө кодун автоматтык түрдө түзөт жана сатып алуучуга акы төлөө үчүн жөнөтөт;
- сатып алуучу акы төлөгөндөн кийин сатып алуучунун жеке кабинетинде цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини кайра тариздөөгө электрондук тастыктама түзүлөт.».
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 75 (3524) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |