Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1181-т тескемесине) |
Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын мазмунуна ТАЛАПТАР
1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларация (мындан ары - декларация) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын (мындан ары - тутумдар) шайкештигин ырастоонун милдеттүү документтик формасы болуп саналат.
2. Декларация тутумдун ээсинин квалификациялуу санариптик колтамгасы менен кол коюлган санариптик документ формасында баяндалууга тийиш.
3. Декларация төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) жетекчисинин кызмат ордунун аталышын жана Ф.А.А. көрсөтүү менен тутумдун ээсинин аталышы, СИН, турган жери, байланыш маалыматы;
2) декларация кабыл алынган дата;
3) тутумдун аталышы, максаттуу багыты;
4) жасалма интеллект тутумдарынын ээлеринин кесиптик бирикмесине мүчөлүгүнө көрсөтмө (эгерде колдонулса);
5) тутумдун Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына жана ага ылайык белгиленген талаптарга төмөнкүдөй параметрлер боюнча шайкештиги жөнүндө арыз (сыноолордун протоколун, тутумду тестирлөө жөнүндө отчетту көрсөтүү менен):
- тактык;
- ишенимдүүлүк;
- санариптик туруктуулук;
- ачыктык;
- түшүнүктүүлүк;
- контролдонуучулук;
6) тутумдун ээси колдонгон кооптуулукту баалоо методикасына шилтеме;
7) тутумдун техникалык документтерине шилтеме;
8) тутумдун ээсинин квалификациялуу санариптик колтамгасы.
4. Декларация тутумдун ээсинин сайтына жайгаштырылууга тийиш жана жалпыга жеткиликтүү санариптик жазууларга кирет.