Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-январы №2/4
Кара-Суу айыл аймагында милициянын аймактык пунктуна
жер бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында милициянын аймактык пунктуна жер бөлүп берүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу максатында,
милициянын аймактык пунктун курууга, Дөң-Алыш айылынын Мусаалы көчөсүнүн1/1 дарегинен 0,60 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн
башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |