Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-январы №2/5
Кара-Суу айыл аймагында үлүшкө тараган дыйкан чарба жерлерин
колдонуу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында үлүшкө тараган дыйкан чарба жерлерин колдонуу боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде, үлүшкө
тараган дыйкан чарба жерлерин тосмо менен тосууга жол берилбесин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн
башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |