Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата талаптарды аныктайт жана белгилейт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин жүзөгө ашырууга лицензиялары бар бардык юридикалык жактардын ишине жайылтылат.
3. Ломбарддар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Ломбарддардын иши жөнүндө", "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө", "Күрөө жөнүндө", "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишин чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомун жана ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
Ломбард ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган саналат.
2-глава. Ломбарддарды түзүү тартиби
4. Ломбард Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча жоопкерчилиги бар коом же толук шериктештик формасында түзүлөт жана юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусуна ээ болот.
1) ломбарддын иши Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилүүчү лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат;
2) ломбарддын уставдык капиталын түзүү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана катышуучулардын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы банктык эсебине салынган акча каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
5. Ломбард уставдык капиталынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ломбарддын уставдык капиталынын өлчөмүнөн кем эмес деңгээлде кармоого милдеттүү.
1) Уставдык капиталды көбөйтүү же азайтуу учурунда ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) кабарлоо үчүн зарыл болгон кагаз жана/же электрондук түрдөгү документтердин тизмеги.
Көбөйтүүдө:
- уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө кабарлоо;
- уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоо тууралуу буйрук;
- катышуучулардын уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө чечими;
- жаңы редакциядагы устав;
- коммерциялык банктан уставдык капиталды көбөйтүүгө сумманы киргизүү жана анын болушу жөнүндө кабарлоо берилген күнгө карата ырастоочу маалымкаты;
- ар бир катышуучу тарабынан уставдык капиталды көбөйтүүгө киргизилген сумма жөнүндө квитанция же төлөм тапшырмасы;
Азайтууда (ушул Жобонун 5-пунктуна каршы келбеген):
- уставдык капиталды азайтуу жөнүндө кабарлоо;
- уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоо тууралуу буйрук;
- катышуучулардын уставдык капиталды азайтуу жөнүндө чечими;
- жаңы редакциядагы устав;
- кассалык чыгаша ордери (накталай чыгашада) же банктын төлөм тапшырмасы (накталай эмес чыгашада), анда уставдык капиталдын түзүлгөн өлчөмүнүн суммасынан катышуучуга төлөөнүн негизи көрсөтүлөт;
2) кабарлоо өзгөрүүлөр келип чыккандан кийин он жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө, көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын көрсөтүү менен) менен бирге берилет.
Ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 жумуш күндүн ичинде берилген документтерди карайт. Алар ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ломбард ишин жүзөгө ашырууга берилген лицензиялардын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
Уставдык капиталды көбөйтүү же азайтуу үчүн берилген документтер ушул Жобонун жана "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбеген учурда документтер шайкешсиздикти четтетүү үчүн арыз ээсине кайтарылат.
3-глава. Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу жана жабуу тартиби
6. Ломбард Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн обочолонгон бөлүмдөрүн - филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар ломбарддын уюштуруу документтеринде көрсөтүлүшү керек.
Ломбарддын филиалы - бул ломбарддын башкы кеңсеси жайгашкан жерден тышкары жайгашкан, өз алдынча юридикалык жак болуп саналбаган, ломбарддын функцияларынын бардыгын же бөлүгүн, анын ичинде өкүлчүлүк функциясын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн обочолонгон түзүмдүк бөлүмү.
Ломбарддын өкүлчүлүгү - бул ломбарддын башкы кеңсеси жайгашкан жерден тышкары жайгашкан, өз алдынча юридикалык жак болуп саналбаган, өкүлчүлүк функцияларын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн обочолонгон бөлүмү. Өкүлчүлүк зайым бербейт жана күрөөгө мүлк кабыл албайт.
7. Ломбард өкүлчүлүктү же филиалды ачууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жана/же электрондук түрдө макулдук кат алуу үчүн төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) филиалды же өкүлчүлүктү ачууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч кат;
2) ломбарддын филиалын же өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө ломбарддын ыйгарым укуктуу органынын чечими;
3) ломбарддын филиалы же өкүлчүлүгү жөнүндө жобонун көчүрмөсү;
4) ломбарддын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо (шайлоо) үчүн сунушталган адамдар жөнүндө маалыматтар;
5) филиалдын ири габариттүү мүлктү күрөөгө кабыл алуу ниети болгон учурда менчик укугунда же пайдалануу укугунда аянты 100 (бир жүз) квадрат метрден кем эмес аймагы бар экендиги жөнүндө юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү кошумча берилет.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 жумуш күндүн ичинде ачууга же жабууга берилген документтерди карайт. Алар ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда ломбардга уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн макулдук кат берилет.
Эгерде макулдук кат 10 жумуш күндөн кийин алынбаса, документ жактырылды деп эсептелет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган макулдук кат берилгенден кийин 10 жумуш күндүн ичинде ломбард ишин жүзөгө ашырууга берилген лицензиялардын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
Филиалды жана өкүлчүлүктү түзүү жөнүндө чечимге юридикалык жактын (ломбарддын) ыйгарым укуктуу органы тарабынан кол коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет.
9. Берилген документтер ушул Жобонун жана "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбесе, алар шайкешсиздикти четтетүү үчүн арыз ээсине кайтарылат.
10. Филиал же өкүлчүлүк жабылган учурда ломбард ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) филиалды жана өкүлчүлүктү жабууга арыз;
2) ломбарддын ыйгарым укуктуу органынын филиалды жана өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечими;
3) филиалды жана өкүлчүлүктүү ачууга мурда берилген макулдук каттын түп нускасы.
11. Филиалды жана өкүлчүлүктү жабууга берилген документтер ушул Жобонун жана "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбеген учурда, документтер шайкешсиздикти четтетүү үчүн арыз ээсине кайтарылат.
12. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулушун каттоо датасы болуп каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган дата эсептелет, бул датадан тартып ломбард уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана алар киргизилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде бул тууралуу жабуу жөнүндө буйрукту тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
4-глава. Ломбарддын, филиалдын жана өкүлчүлүктөрдүн милдеттери
13. Ломбард жана филиал төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ченемдик укуктук актылар менен белгиленген талаптарды сактоого;
2) кассалык тартипти сактоого;
3) күрөөлөрдү (күрөөлүктөрдү) эсебин алуу китебинин жана күрөө билеттеринин болушуна;
4) материалдык баалуулуктар менен иштөө эрежелерин сактоого;
5) ломбарддын кызматкерлери менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө буйруктардын жана келишимдердин болушуна;
6) ломбарддын кызматкерлеринин жана кардарларынын иши үчүн коопсуздук шарттарын камсыздоого;
7) "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болгон документтерди көрсөткөндө ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине ломбард ишин текшерүүгө жол берүүгө;
8) юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк ломбарддын жайгашкан жери, телефон номерлери, факстары жана электрондук даректери (эгерде болсо) өзгөргөн учурда тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде каттоочу органга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөрүүлөр жөнүндө кабарлоого милдеттүү;
9) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Кардарлар менен операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында кардарлар менен операциялар жөнүндө маалыматты белгилеп турууга;
10) зайымчыга зайымдын жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү (айып пулдар жана туумдар) жөнүндө маалымат берүүгө, ал зайымчы үчүн ачык, жеткиликтүү болушу керек жана коммерциялык сырдын предмети боло албайт.
14. Өкүлчүлүктөр төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кардарлардын, контрагенттердин жана мамлекеттик органдардын алдында ломбарддын кызыкчылыгын коргоого;
2) кардарларга консультация берүүгө жана маалымдоого;
3) арыздарды жана алдын ала документтерди кабыл алууга;
4) ломбарддын жана филиалдын негизги ишин жүргүзбөстөн, ишеним каттын чегинде келишимдерге жана башка документтерге кол коюуга;
5) ломбарддын өкүлчүлүк функцияларын камсыз кылуу жана кызмат көрсөтүүлөрүн илгерилетүү үчүн багытталган башка аракеттерди көрүүгө.
15. Ломбардга жана филиалга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тиешелүү лицензия алганга чейин ломбардды уюштуруу менен байланышкан уюштуруу ишинен тышкары, ломбард ишин жүзөгө ашырууга;
2) чет элдик валютада зайымдарды берүүгө;
3) ачык жарыялоо, жарнамалоо, тооруктарды өткөрүү жана мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана акы төлөө шарттарында башка методдор аркылуу каражаттарды тартууга жана бул каражаттарды өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга;
4) ломбард ишине тиешеси болбогон кызмат көрсөтүүлөрдү жана операцияларды жарнамалоого;
5) ломбардга жана ломбард жайында кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө тиешеси болбогон бөтөн адамдарга жол берүүгө;
6) ломбарддын максаттарына жана милдеттерине каршы келген операцияларды жүргүзүүгө;
7) күрөөгө коюлуучу автотранспорт каражатына менчик укугун же башка буюмдук укукту ырастабастан зайымчыдан автотранспорт каражатын күрөөгө алууга;
8) эгерде бул зайымчынын укуктарын начарлатса жана/же милдеттерин көбөйтсө, зайым келишиминин шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө жана толуктоого;
9) ушул Жобонун 1-тиркемесинде белгиленген күрөө билетинин формасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган, 12 пайыз кошулган орточо салмакталган номиналдык пайыздык ставкага жараша, ломбарддардын иши жөнүндө жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ломбарддын зайымынын чектүү жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмүн ашырууга. Ломбарддын зайымынын жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасын эсептөө ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт;
11) зайымдын суммасы 200000 сомдон ашкан зайым келишиминин маалыматтарынан тышкары, зайым келишими боюнча жана зайымчы жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды кредиттик бюрого берүүгө.
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.
16. Өкүлчүлүккө ушул Жобонун 14-пунктунда каралган иштен тышкары, кандай болбосун ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
17. Төмөнкү жактар ломбарддын уюштуруучулары боло албайт:
1) оффшордук зоналардын аймагында жашаган жана/же катталган же болбосо уюштуруучулары катары тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген оффшордук зоналарда катталган аффилирленген жактары болгон жеке жана юридикалык жактар;
2) БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар колдонулган жеке жана юридикалык жактар;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун маалыматтарды/документтерди белгиленген тартипте бербеген, же болбосо юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;
4) соттун чечими же чет мамлекеттин мыйзамдары боюнча тыюу салуулар же чектөөлөр болгон жеке жана юридикалык жактар;
5) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегинде турган жеке жана юридикалык жактар;
6) издөөдө жүргөн жактардын улуттук жана эл аралык тизмелеринде жана террористтик жана экстремисттик ишке, массалык жок кылуучу куралды жайылтууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектеринде турган жеке жана юридикалык жактар.
18. Ушул Жобонун көрсөтүлгөн талаптарын жана жоболорун бузгандыгы үчүн ломбард Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
5-глава. Кассалык операцияларды жана ломбард тарабынан зайымдарды берүү боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу тартиби
19. Ломбард кассалык операцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 281 "Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине ылайык жүргүзүүгө тийиш.
20. Кардардан күрөө (күрөөлүк) предмети келгенде, ломбард кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) зайымдын суммасы, пайыздык ставка, мөөнөтү, пайыздар, айып пулдар, күрөөнү алып коюу жана зайымды кайтарып берүү тартиби жана башка шарттар каралган зайым келишиминин шарттарын зайымчыга берүүгө;
2) күрөө (күрөөлүк) предметин баалоого;
3) күрөө коюучу менен макулдашуу боюнча күрөөгө коюлган мүлктүн берилүүчү суммасын белгилөөгө;
4) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча күрөө билетин тариздөөгө;
5) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Кардарлар менен операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналына бүтүмдү каттоого;
6) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча Күрөөлөрдү (күрөөлүктөрдү) эсепке алуу китебине бүтүмдү каттоого;
7) материалдык баалуулуктар менен иштөө эрежесине ылайык күрөө (күрөөлүк) предметинин сакталышын жана коопсуздугун камсыздоого;
8) ломбарддын эсебинен күрөө (күрөөлүк) предметин аны баалаган толук суммага камсыздандырууга;
9) зайымдарды берүүгө;
21. Күрөөгө мүлктү кабыл алууда ломбард эки нускада күрөө билетин тариздейт. Ар бир күрөө билети өздүк катар номерине ээ жана ломбарддын мөөрү менен бекитилет.
22. Күрөөгө мүлктү кабыл алуу төмөнкүдөй учурларда бир күрөө билети менен таризделет, эгерде:
1) ушул мүлктүн сапат белгисин өзгөртмөйүнчө күрөөгө коюлган мүлктү бөлүштүрүүгө мүмкүн болбосо;
2) күрөөгө коюлган мүлк бир гана зайым келишимин аткарууну камсыздаса.
23. Күрөө билети ломбард тарабынан электрондук жана/же кагаз жүзүндөгү документ түрүндө таризделет:
1) күрөө билетин электрондук жана/же кагаз жүзүндөгү документ түрүндө тариздөө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жүзөгө ашырылат;
2) күрөө коюучу кайрылганда ломбард техникалык каражаттардын, программалык камсыздоонун жардамы менен күрөө билетинин электрондук документ түрүндө таризделишин камсыздайт жана таризделген күрөө билеттеринин эсебин жүргүзөт;
3) эгерде күрөө билетине каралган бардык жазуулар жүргүзүлсө, ломбарддын (филиалдын) жетекчисинин квалификацияланган электрондук колтамгасы жана күрөө коюучунун жөнөкөй электрондук колтамгасы коюлса, ал таризделди деп эсептелет. Таризделген күрөө билети кагазга басылып чыгарылат, ломбарддын мөөрү менен бекемделет жана күрөө коюучуга берилет;
4) күрөө билетиндеги күрөө коюучунун жөнөкөй электрондук колтамгасы күрөөгө коюлган буюмдун бааланган суммасы, алынуучу зайымдын суммасы, зайым боюнча пайыздык ставка, зайымды кайтарып берүүнүн суммасы жана датасы менен таанышкандыгын жана макул экендигин билдирет;
5) күрөө билети таризделгенден кийинки ага киргизилген бардык өзгөртүүлөр ломбарддын (филиалдын) жетекчисинин квалификацияланган электрондук колтамгасы жана күрөө коюучунун жөнөкөй электрондук колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
Электрондук колтамгаларды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын электрондук колтамгаларды пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш;
6) күрөө билетин электрондук документ түрүндө тариздөө онлайн-режимде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ломбард реалдуу убакыт режиминде туруктуу кошулууну камсыз кылат;
7) ломбард өзүнүн сайтында, программалык камсыздоосунда зайым келишиминин жана күрөө билетинин формаларынын үлгүлөрүн жайгаштыруу менен "Күрөө коюучунун жеке кабинети" терезесин ачууну карайт;
8) күрөө коюучу зайымдын шарттары менен таанышууда "Күрөө коюучунун жеке кабинети" терезесинде өтүнмөнү паспортунун толук маалыматтарынын көчүрмөсүн, байланыш маалыматтарын (уюлдук телефон номери, электрондук почта) тиркөө менен толтурат;
9) күрөө коюучу күрөөгө коюлган мүлктү жана күрөөгө коюлган мүлктү баалоо үчүн ырастоочу документтерди ломбардга берет;
10) ломбард техникалык каражаттардын, программалык камсыздоонун жардамы менен күрөө коюучуну жеке маалыматтары боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык идентификациялайт жана күрөөгө коюлган мүлккө баалоо жүргүзөт;
11) зайымчынын өтүнмөсүнүн негизинде ломбард зайым келишимин электрондук документ түрүндө тариздейт.
Ломбард күрөө коюучу үчүн жөнөкөй электрондук колтамганы түзүүнү, купуялуулукту, коргоону камсыз кылат жана аны ушул Жободо каралган учурларда күрөө коюучуга кол коюу үчүн берет;
12) электрондук документ түрүндөгү зайым келишимине жана күрөө билетине ломбарддын (филиалдын) жетекчисинин квалификацияланган электрондук колтамгасы, ал эми күрөө коюучу/карыз алуучу тарабынан - жөнөкөй электрондук колтамга коюлат;
13) таризделген күрөө билети күрөө коюучуга берилген байланыш маалыматтары (электрондук почта) аркылуу берилет;
14) зайымды берүү ломбард тарабынан зайымчынын тандоосу боюнча же ломбарддын кассасы аркылуу накталай түрдө, же зайымчынын банктык эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен накталай эмес түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
24. Күрөө коюучуга ломбардда жана күрөө коюучуда сакталган күрөө билетинин нускасындагы мүлктү кайтарып берүүдө, милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт жана күрөө коюучунун колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт:
1) иш жүзүндө мүлктүн кайтарып берилген күнү, айы, жылы;
2) кайтарып берилүүчү мүлктүн сыпаттамасы.
25. Эгерде мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте толугу менен ломбард тарабынан күрөө коюучунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо үчүн сатылса, анда күрөө коюучунун макулдугун күбөлөндүргөн жазууга (колтамгасына) карабастан, күрөө билетинин колдонулушу токтотулду деп эсептелет, ал эми күрөө билети милдеттенмелердин алдында күрөөгө коюлган мүлктү сатуунун жол-жоболорунун мыйзамдуулугун негиздеген документтер менен бирге белгиленген тартипте сакталат.
6-глава. Ломбарддын бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу
26. Ломбард "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүнүн жүргүзгөн операцияларынын бухгалтердик эсебин жүзөгө ашырууга жана финансылык отчетту түзүүгө тийиш.
7-глава. Ломбардды кайра уюштуруу жана жоюу
27. Ломбард өз ишин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык токтото алат. Бул үчүн ломбард жоюу жөнүндө (өз ишин токтотуу жөнүндө) чечим кабыл алынган күндөн тартып ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга 3 жумуш күндүн ичинде ломбарддын ишин токтотуунун себептери көрсөтүлгөн катты, лицензиянын түп нускасын жана анын көчүрмөлөрүн, эгерде бар болсо, ошондой эле жоюу комиссиясынын чечими менен аныкталуучу анын жетекчиси жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жооптуу адам тарабынан кол коюлган жана юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган юридикалык жактын мүлкүнүн ээси тарабынан бекитилген жоюу отчетун тапшырууга тийиш.
28. Ломбард жоюу же кайра уюштуруу жолу менен өз ишин токтотот.
29. Ломбардды жоюуда анын мүлкүн сатып түгөткөндөн түшкөн пайданы кошо алганда ломбардда болгон акча каражаттары кызматкерлердин эмгегине төлөө боюнча эсептөөлөрдөн, күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер боюнча кредит берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыргандан, бюджеттин жана башка кредит берүүчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин аткаргандан кийин уюштуруучуга өткөрүп берилүүгө (ломбардды уюштуруучулардын ортосунда алардын уставдык капиталдагы үлүшүнө карата пропорциялуу бөлүнүүгө) тийиш.
30. Каттоочу орган тиешелүү буйрук чыгарган датадан тартып жоюу аяктады, ал эми ломбард өз ишин токтотту деп эсептелет.
31. Ломбарддын иш процессинде пайда болгон документтер ломбард жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
8-глава. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү системасын уюштурууга карата талаптар
32. Ломбарддар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык мекемелер болуп саналат, алар өз ишин "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - КИК/ККЛК жөнүндө Мыйзам) жана аны ишке ашыруу үчүн кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна так ылайык уюштурууга милдеттүү.
33. Ломбарддар Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна 11-тиркеме) ылайык келген Ички контролдоо программасын (мындан ары - ИКП) иштеп чыгууга жана колдонууга милдеттүү.
34. ИКП тобокелдиктерди башкаруу жол-жоболорун камтышы керек. Ломбарддар өз ишинин, кардарлардын, продукттардын жана жеткирүү каналдарынын тобокелдиктерин баалоого, ошондой эле Тобокелдиктерге баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык баалоонун натыйжаларын документ түрүндө каттоого милдеттүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна 14-тиркеме).
35. Иштиктүү мамилелерди түзүүгө же бир жолку операцияны жүргүзүүгө чейин ломбарддар кардарды, бенефициардык ээсин жана ишенимдүү жакты идентификациялоого жана верификациялоого милдеттүү. Текшерүү жол-жоболору Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна 12-тиркеме).
36. Ломбарддар төмөнкүлөргө карата текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонууга милдеттүү:
1) Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык коомдук кызмат адамдарына жана алар менен байланышкан жактарга (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна 12-тиркеме);
2) тизмеги Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобого ылайык аныкталуучу жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке жана юридикалык жактарына (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна 10-тиркеме).
37. Ломбарддар туруктуу негизде өзүнүн кардарларынын базасын жана контрагенттерин КИК/ККЛК жөнүндө Мыйзамдын 12-беренесине ылайык түзүлүүчү Санкциялык тизмектер менен салыштырып текшерип турууга милдеттүү. Тизмектерди түзүү тартиби Тизмектер жөнүндө жобо менен аныкталган (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна 6-тиркеме).
38. Эгерде кардардын маалыматтары санкциялык тизмектерге киргизилген адамдын маалыматтары менен дал келсе, ломбард Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу тартиби жөнүндө жобого ылайык операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды токтоосуз тоңдурууга жана бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна 7-тиркеме).
39. Ломбарддар финансылык чалгындоо органына төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жөнөтүүгө милдеттүү:
1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө операция шектүү деп таанылган учурдан тартып 5 сааттын ичинде;
2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жактары менен операциялар жөнүндө - 5 сааттын ичинде;
3) кылмыштуу иш-аракеттери үчүн жазасын өтөгөн жактар менен операциялар жөнүндө - 5 сааттын ичинде;
4) накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен босоголук операциялар жана алардын босоголук суммалары жөнүндө билдирүү түзүлгөн учурдагы күнү 16:00дөн кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде белгиленген учурларда (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна 4-тиркеме).
40. Маалыматты берүүнүн тартиби, формалары жана ыкмалары Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна 4-тиркеме).
41. "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн ломбарддар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
__________________________________________ ломбарддын аталышы жана дареги, ИСН коду |
| _________________________________________ (салык органынын аталышы) |
|
| М.О. |
№ күрөө билети
20____-ж. "____" _________________
Жаран ___________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
____________________________________________________________ кабыл алынды.
(күрөө коюучунун аты-жөнү)
Паспортунун сериясы ______________ № ______________ берилген ______________
20____-ж. "____" _________________.
Күрөө (күрөөлүк) предметинин аталышы ______________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
күрөө (күрөөлүк) предметинин жеке-тектик белгилери
Күрөөгө коюлган мүлктү баалоо суммасы _____________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
Зайымдын суммасы _______________________________________________________
_________________________________________________________________________
Зайымдын мөөнөтү ________________________________________________________
Зайымды кайтаруу датасы __________________________________________________
_________________________________________________________________________
Зайымдын кайтаруу суммасы _______________________________________________
_________________________________________________________________________
Зайым боюнча пайыздык ставка _____________________________________________
_________________________________________________________________________
(бир календардык күнгө эсебинен эсептелүүчү зайым боюнча пайыздык
ставканы көрсөтүү менен)
Мүлк күрөөгө кабыл алынды ________________________________________________
_________________________________________________________________________
Зайым берилди ___________________________________________________________
(кызмат адамынын аты-жөнү, датасы)
М.О.
Күрөө билети жана зайымдын суммасы _______________________________________
_________________________________________________________________________
Алды
Зайымчы _________________________________________________________________
(зайымчынын колу)
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Кардарлар менен операциялар жөнүндө маалыматты каттоо ЖУРНАЛЫ
Операция жүргүзүлгөн дата | Операциянын түрү | Операциянын суммасы | Кардардын аты-жөнү | Паспорттук маалыматтары (номери, берилген датасы, ким тарабынан берилген) | Жеке жактын жашаган жеринин дареги | Жеке жактын турган жеринин дареги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ломбарддын жооптуу кызматкеринин колу: _________________________________
Ломбарддын жетекчисинин колу: __________________________________________
Эскертүү:
операциянын түрү: зайым алуу же күрөөнү сатып алуу.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
______________________________________________________________ (ломбарддын аталышы жана дареги, ИСН коду)
Күрөөлөрдү (күрөөлүктөрдү) эсепке алуу КИТЕБИ
Күрөө коюучунун аты-жөнү | Күрөөнүн (күрөөлүктүн) суммасы | Зайым берилген дата | Күрөөнүн (күрөөлүктүн) түрү | Күрөө (күрөөлүк) жөнүндө жалпы маалымат | Күрөөнү (күрөөлүктү) жабуу күнү | Пайыздарды төлөө күнү | Эскертүү | Бухгалтердин жана кассирдин колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөө ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөө эрежелери (мындан ары - Эрежелер) зайымчы - жеке жак менен түзүлгөн зайым келишими боюнча сый акылардын жылдык натыйжалуу ставкасын эсептөө тартибин белгилейт.
Зайымдын жылдык пайыздык натыйжалуу ставкасы - Эрежелерге ылайык эсептелүүчү, зайым келишими боюнча ишенимдүү, жылдык, натыйжалуу, салыштырып эсептелген (реалдуу наркы) пайыздык ставка.
2. Жылдык натыйжалуу пайыздык ставка зайым келишиминде көрсөтүлөт.
3. Жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) зайым келишими түзүлгөн датага;
2) зайым келишимине кошумча макулдашууну түзүү аркылуу зайым келишимине зайымчынын акчалай милдеттенмелеринин суммасын (өлчөмүн) жана (же) аларды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүүгө алып келүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда.
4. Зайым келишиминде каралган учурларда пайыздык ставкалардын өзгөрүүлөрүн кошкондо, зайым келишимине кошумча макулдашууну түзүү аркылуу зайым келишимине зайымчынын акчалай милдеттенмелеринин суммасын (өлчөмүн) жана (же) аларды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүүгө алып келүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда, зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставка зайым берүүчү тарабынан зайымды жабуу датасына карата калган мөөнөттөгү негизги карыздын калдыгынын негизинде эсептелет, бул датадан тартып зайым келишиминин, зайымчы төлөөгө тийиш болгон комиссиялардын жана башка төлөмдөрдүн шарттары өзгөртүлөт жана алар зайым келишимине кошумча макулдашууда көрсөтүлөт.
2. Жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөө
5. Зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставка төмөнкү барабардык аркылуу эсептелет:
мында:
n - зайымчынын акыркы төлөөсүнүн катар номери;
j - зайымчыга төлөөнүн катар номери;
Sj - зайымчыга ]-ошол төлөөнүн суммасы;
APR - зайымдын жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасы;
tj - зайымды берген күндөн тартып зайымчыга j-ошол төлөө учуруна чейинки мезгил (күн менен);
m - зайымчынын акыркы төлөмүнүн катар номери;
i - зайымчынын төлөмүнүн катар номери;
Pi - зайымчынын i-ошол төлөмүнүн суммасы;
ti - зайымды берген күндөн тартып зайымчыга i-ошол төлөм учуруна чейинки мезгил (күн менен).
6. Зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөөгө зайымчынын негизги карыз жана кошуп эсептелген пайыздар боюнча бардык төлөмдөрү, ошондой эле зайым келишими колдонулган бүткүл мезгилдеги зайымчынын комиссиялары жана башка төлөмдөрү киргизилет.
7. Зайым келишими боюнча зайымдын суммаларын кайтарып берүү жана (же) сый акыларды төлөө милдеттенмелерин бузуу үчүн төлөнгөн айып төлөм (айып пул, туум) зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөөгө кирбейт.
8. Зайымчынын зайым берүүчүгө төлөөлөрү жана зайым берүүчүнүн зайымчыга төлөөлөрү алар иш жүзүндө жүргүзүлгөн датада, кийинкилери - төлөөлөрдүн графиги (бар болсо) боюнча эске алынат.
9. Эгерде жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөөдө алынган сан бир ондук белгиден ашса, ал төмөнкүдөй онунчу үлүшкө чейин тегеректелүүгө тийиш:
1) эгерде жүзүнчү үлүш 5тен көп же ага барабар болсо, онунчу үлүш 1ге көбөйөт, андан кийинки бардык белгилер алып салынат;
2) эгерде жүзүнчү үлүш 5тен аз болсо, онунчу үлүш өзгөрүүсүз калат, андан кийинки бардык белгилер алып салынат.