Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралындагы №3/3
Кара-Суу айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү (ФПС) жерлерин аукцион-конкурс түрүндө берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-токтому менен бекитилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тууралу Жобого ылайык, жер адиси Э.Токтоналиевдин ФПСтин жерлерин аукцион-конкурс түрүндө берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү (ФПС) жерлерин аукцион-конкурс түрүндө берүүдө төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлүп жана бекитилсин.
1. Сапарбек уулу Кенжебек- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы
2. А.Эсенаманов- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы
3. Б.Жолдошбек уулу- айыл өкмөтүнүн орун басары, комиссиянын мүчөсү
4. Бакыт Илиясов- РАӨБ өкүлү, жетектөөчү адис, комиссиянын мүчөсү
5. Э.Токтоналиев- жер, агрардык жайыт жана айыл чарбасы, ирригация маселелери боюнча адис, комиссиянын мүчөсү
6. Д.Муктар уулу- жер, таштанды, муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү
7. Ж.Койчуманов- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
8. К.Тиленбаев- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
9. Т.Садыралиев- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
10. С.Бейшенбеков- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
11. М.Медербеков -Орток айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү
12. Ж.Тобокелов - Ак-Талаа айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү
13. А.Туларбек уулу- Комсомол айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү
14. А.Эмил уулу- Дөң-Алыш айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү
15. К.Жумакунов- Кара-Мойнок айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү
16. О.Чоюбеков- Кызыл-Дөбө айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү
17. М.Садыков- Мантыш айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Молдогазиев |