Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1 октябры № 66
Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61 беренесин, жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66, 77 беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 Жарлыгы менен бекитилген Биринчи Элдик курултайды ɵткɵрүү боюнча уютуруу комитетинин 2022-жылдын 9 сентябрындагы №2 чечими менен бекитилеген нускаманын негизинде, Шопоков шаардык кеңешитин Х – чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2022-жылдын 5 ноябрында Шопоков шаарынын маданият үйүндɵ (клуб) биринчи Жергиликтүү Курултай чакырылсын.
2. Жергиликтүү курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы бекитилсин. (1-тирекеме)
3. Жергиликтүү курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планы бекитилип жана белгиленген мɵɵнɵттɵ аткарылысын. (2-тиркеме)
4. Шопоков шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды жана эл менен жыйын өткөрүү графиги бекитилсин. (3-тиркеме)
5. Кыргыз Республикасынын биринчи Элдик Курултайга Шопоков шаарынан делегаттарды шайлоого Шопоков шаарынын жергиликтүү курултайына делегаттардын жалпы саны шаардын жашоочуларынын санына жараша 100 делегат болуп бекитилсин.
6. Шаардын жашоочулардын санын, көчөлөрдүн санын жана жаңы конуштардын санын эске алып 5 (беш) участокторго бөлүнсүн жана ар бир участоктон 20 дан делегаттар шайлансын.
7. Шопоков шаарынын делегаттарды шайлоо боюнча калктардын санына жараша, тɵмɵнкүдɵй участокторго бɵлүнсүн:
1. Участок №1 к/к “Южный”, “Геология” - 20 делегат
2. Участок №2 к/к “Ынтымак” жана Октябрьская,
Ново-Октябрьская,Заводская, Садовая көчөлөру - 20 делегат
3. Участок №3 к/к “Новостройка” - 20 делегат
4. Участок №4 “Центр” - 20 делегат
5. Участок №5 к/к “Мирный”, Футбольная, Машиностроительная көчөлөрү - 20 делегат
8. Жергиликтүү курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) курамы бекитилсин. (4-тиркеме)
9. Шопоков шаарынын мэриясы Жергиликтүү Курултайды даярдоого жана өткөрүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵтсүн.
Төрага | С.Назаров |