Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралындагы №3/5
Кара-Суу айыл аймагында жумушсуздарды жумуш менен камсыз кылуу жөнүндө
Кочкор райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте Кара-Суу айыл аймагында жумушсуздарды жумуш менен камсы кылуу боюнча боюнча социалдык коргоо адиси Г.Талгарбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагында жумушсуздарды жумуш менен камсыз кылуу
максатында, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен (2215 беренесинен) 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты, тиешелүү тарпка которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |