Редакцияот 18.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 18-ноябры № 316

 

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 14-статьяларына, 28-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө адамдардын өтүнүчтөрү тиркелген тизмеге ылайык канааттандырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров