Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 31-январы № 26
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу, ошондой эле “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жободо:
– 10-пункт мамлекеттик тилде “шаардын мэри” деген сөздөрдөн кийин “тарабынан” деген сөз менен толукталсын;
– 11-пункт мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленген кызматчыларды жана патронаттык кызматтарды ээлеген кызматчыларды, ээлөөсү кадрлар резервинен дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылуучу административдик кызмат орундарына ротациялоо, бул кызматчы ээлеген кызмат ордун бир жылдан кем эмес ээлеген шартта жүргүзүлөт.”;
– 12-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 85 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 23-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жумушчу комиссия административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын жана административдик муниципалдык кызмат орундарынын категориясын жана тобун, кесиптик көндүмдөрүнө ылайык келген адистик боюнча стажын жана иш тажрыйбасын, ошондой эле тиешелүү сертификат менен ырасталган мамлекеттик тилди билүү деңгээлин эске алуу менен кызматчынын кесиптик билиминин деңгээлине жана профилине шайкеш келишин изилдейт.”.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |