Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-мартындагы №4/1
2025-жылга карата жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2025-жылга карата жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2025-жылга карата жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-Айдоо (соко) 1 га. 1800-2000 сом, 25 литр күйүүчү май.
-Малалоо бир сыйрасы 1га. 700 сом, 10 литр күйүүчү май.
-Планировка 1га. 700 сом, 10 литр күйүүчү май.
-Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1 га. 1000 сом, 15 литр күйүүчү май.
-Арык тартуу узундугуна карабай 250 сом, 3 литр күйүүчү май.
-Эгин чабык (комбайн) 1 га. 2000 сом, 25 литр күйүүчү май.
-Чөп чабык 1га. 1500 сом, 10 литр күйүүчү май.
-Чөп таңгактоо бир даана таңгак 10 сом, 1га. жер аянтына 10 литр күйүүчү май.
-Эгин, чөп, саман тартып жеткирүү 1 рейсине 600 сом, күйүүчү май алыстыгына жараша.
2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |