Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-мартындагы №4/2
Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2025-жылга жазында жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү графиги жана баккан мал үчүн, бадачылардын эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2025-жылга жазында жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү графиги жана баккан мал үчүн, бадачылардын эмгек акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.1. Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-Кой, козу. 1 башка, 80 сомдон.
-Эчки, улак. 1 башка, 80 сомдон.
-Уй, торпок. 1 башка, 600 сомдон (саандарына мал ээси менен бадачынын
макулдашуусу).
-Жылкы, тай. 1 башка, 600 сомдон (саандарына жана мингичтерине мал ээси менен бадачынын макулдашуусу).
1.2. Жайлоого Кара-Суу айыл аймагынан башка, сырттан мал алынбасын.
2.1. Кара-Суу айыл аймагынынын тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2025-жылдын 20-апрель күнүнөн калбай жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.
2.2. Жар-Таш жана Үч-Эмчек жайытындагы төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2025-жылдын 25-май күнүнөн калбай жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.
2.3. Жайыттарды жакшыртуу планына ылайык Жар-Таш жана Үч-Эмчек жайыттары үч жылга мал киргизбөө боюнча мараторий жарыялансын.
3. Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 2025-жылдын 20-апрель күнүнөн башталсын. Жайлоодон көчүп келүү 2025-жылдын 1-октябрына белгиленсин.
4. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазие |