Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-мартындагы №4/3
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө орто мектебине инвентарь алуу боюнча долбоорго акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө орто мектебине инвентарь алуу боюнча “Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө орто мектебине инвентарь алуу боюнча Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө өздүк салым үчүн төлөнө турган 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты Кара- Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Расахан уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазие |