Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 25-ноябры № 329
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишин күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго которулсун:
– Бишкек шаары:
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна:
Кумашев Жолдошбек Ильясович – Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Садыков Болот Калыбекович – Баткен облусунун Баткен райондук сотунан;
Досмамбетов Азизбек Анарбекович – Ош облустук сотунан;
Саадабаева Чынара Муратбековна – Ош облусунун Өзгөн райондук сотунан;
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна
Шукуралиев Альгис Рыспекович – Жалал-Абад облустук сотунан;
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна
Жумадылов Сыргак Каныбекович – Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна:
Осмоналиева Уулкан Мыкталиевна – Чүй облусунун Сокулук райондук сотунан;
Джумагулов Азамат Кадырбекович – Баткен облустук сотунан;
– Чүй облусу
Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна
Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович – Нарын облустук сотунан;
– Нарын облусу
Нарын облустук сотуна
Исаева Айзада Чолпонкуловна – Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан;
– Талас облусу:
Талас облустук сотуна:
Эргешов Сулайман Кадырбекович – Талас облусунун административдик сотунан;
Маматов Куштарбек Иссаевич – Чүй облусунун Москва райондук сотунан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Н. Жапаров