Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-мартындагы №4/5
Кара-Суу айыл аймагында бирдиктүү тариф кабыл алуу жөнүндө
Ар бир айыл аймагынын тарифтери да ар кандай баада коюлган, ошондуктан жайыт пайдаланууда, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында район аймагында бирдиктүү тариф кабыл алуу боюнча Кочкор райондук администрациясынан келген №01-9/2105 сандуу катын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл өкмөтү боюнча ар бир бодо малдын уй, жылкыга башына 100 (жүз) сом, топозго 250 (эки жүз элүү) сом, кой-эчкиге 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Муниципалдык ишкананын бюджетинин киреше бөлүгүн толук аткаруу жана чыгымдоолорду мыйзамга ылайык жүгүртүү муниципалдык ишкананын башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |