Редакцияот 17.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

2025-жылдын 17-октябры № 41/XIV  –2

                                                                                

Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансында турган, мурдагы ААК “Кайынды эт комбинатына” жана   мурдагы ОсОО “Жумадилге” тиешелүү болгон жер тилкелерин  жана мүлк имараттарын   ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

                Кайыңды шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды, гранттарды тартуу жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөнүүчү берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун негизинде, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги, мурдагы ААК “Кайыңды эт комбинаты” жана мурдагы  ОсОО “Жумадилге” тиешелүү болгон  жер тилкелерин  жана мүлк имараттарын   ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансында турган, мурдагы ААК “Кайыңды эт комбинатына” жана  мурдагы  ОсОО “Жумадилге” тиешелүү болгон  жер тилкелерин  жана мүлк имараттарын   ижарага берүүгө макулдук берилсин.
  2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине  жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети  Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай меселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  У.Б. Абдрасулов