Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 29-декабры № 245-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда баяндалган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына:
1) “1.Кирешелер классификациясы” главасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “11 Салыктык кирешелер” категориясына, “115 Эл аралык соода жана тышкы операция үчүн салыктар” тобу:
- “11511100 Электрондук соода товарларына карата бажы алымдары” элементи менен толукталсын;
- “11513100 Чет өлкөлүк автоташуучулардан жыйым” элементи алып салынсын;
- “14 Салыктык эмес кирешелер” категориясында:
- “1415 Ресурстарды пайдалануу жана чалгындоо үчүн ижара акы жана жыйымдар” топчо:
- “14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым” элементинде “жер казынасын” деген сөздөргө чейин “жергиликтүү бюджетке” деген сөздөр менен толукталсын;
- “14151300 Республикалык бюджетке жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым” элементи менен толукталсын;
- “1423 Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр” топчодон:
- “14232700 Театралдык постановкаларды көргөзүү үчүн акы” элементи алып салынсын;
- “14239 Дагы башка түшүүлөр” беренеси бардык элементтери менен алып салынсын;
- “1424 Башка иштерден каражаттардын түшүүсү” топчонун “14243300 Жатаканаларда жашоо үчүн түшүүлөр” элементинде “жатаканаларда” деген сөздөн кийин “жана офицердик курамдынүйлөрүндө” деген сөздөр менен толукталсын;
2) Кирешелердин классификациясын колдонуу тартибинде:
- “11 Салыктык кирешелер” категориясында, “115 Эл аралык соода жана тышкы операцияларга салыктар” тобу:
- “11511100 Жеке жактар тарабынан электрондук соода аркылуу сатып алынган товарларга карата Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына алып кирүүгө байланыштуу алынуучу бажы алымынын каражаттары эске алынат” элементи менен толукталсын;
- “11513100 Чет элдик авто ташуучулардан жыйымдар, Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү мамлекеттердин аймагына же үчүнчү мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына чет элдик авто ташуучулар атайын уруксаты жок жүктөрдү ташуу үчүн жыйымдардын түшүүсү каралат” элементи алып салынсын;
- “14 Салыктык эмес кирешелер” категориясында:
- “141 Менчиктен кирешелер жана пайыздар” топчо:
- “14151200 Кыргыз Республикасында пайдалуу кен казып алууларды издөө жана/же чалгындоо жана/же иштеп чыгуу максатында кендерди пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдар эсепке алынат” элементинде “Республикасында” деген сөздөн кийин “жергиликтүү бюджетте” деген сөздөр менен толукталсын;
- “14151300 Кыргыз Республикасында пайдалуу кен казып алууларды издөө жана/же чалгындоо жана/же иштеп чыгуу максатында кендерди пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдар республикалык бюджетте эсепке алынат” элементи менен толукталсын;
- “142 Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер” тобунда:
- “14232700 Театралдык постановкаларды көрсөтүү, атап айтканда: спектакль, балет, опера, цирк программасы, концерттик программа ж.б. көрсөткөндүк үчүн төлөмдөр эсепке алынат” элементи алып салынсын;
- “14239 Башка түшүүлөр” топчо бардык элементтери менен бирге алып салынсын;
- “1424 Башка иштерден каражаттардын түшүүсү эсепке алынат” топчонун “14243300 Окуу жайына таандык жатаканада жашагандыгы үчүн студенттерден, кызматкерлерден же башка адамдардан алынган акча каражаттары эсепке алынат” элементи төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын “Жатаканаларда, офицердик курамдын үйлөрүндө жашагандыгы жана коммуналдык тейлөөгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн түшкөн каражаттар, башкача айтканда, окуу жайга таандык жатаканада жашагандыгы үчүн студенттерден, кызматкерлерден же башка адамдардан алынган акча каражаттары эске алынат.”;
3) “2. Чыгашалардын экономикалык классификациясы” главада:
- “217 Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу” тобунун “22171 Медициналык багыттагы медикаменттерди жана буюмдарды алуу” топчосу төмөнкү элементтер менен толукталсын:
- “22171500 Эпизоотияга каршы иш-чаралар үчүн ветеринардык дары каражаттарын алуу”;
- “22171600 Асыл тукум материалдарын алуу”;
4) “Чыгымдардын экономикалык классификациясын колдонуу тартибинде”:
- “217 Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу” тобунун “22171 Медициналык багыттагы медикаменттерди жана буюмдарды сатып алуу” топчосу төмөнкү элементтер менен толукталсын:
- “22171500 Профилактикалык диагностикалык жана ликвидациялык ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүдө колдонулуучу ветеринардык препараттарды, вакциналарды, диагностикалык каражаттарды жана дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алууга байланыштуу чыгымдар”,
- “22171600 Асыл тукум (генетикалык) материалын, анын ичинде үрөндүк материалды, эмбриондорду, асыл тукум малды, ошондой эле айыл чарба жаныбарларын көбөйтүү, асыл тукумдук сапатын жакшыртуу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл болгон башка биологиялык ресурстарды сатып алууга байланышкан чыгымдар”;
5) “4. Функционалдык классификация” главада:
- “7017 Мамлекеттик карыз жана баалуу кагаздар менен байланышкан операциялар” топчо “70173 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби” коду менен толукталсын;
6) “Функционалдык классификациясын колдонуу тартибинде”:
- “7017 Мамлекеттик карыз жана баалуу кагаздар менен байланышкан операциялар” топчосу “70173 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жумшартуу эсеби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жумшартуу эсебине каражаттардын келип түшүүсүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жумшартуу эсебине каражаттарды которууну камтыйт” коду менен толукталсын:
7) 5. Ведомстволук классификация” главада:
төмөнкү коддор жана министрликтер/ведомстволордун аталышы менен толукталсын:
- “15320 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттикборбору”.
- “19140 Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы”;
- “23320 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси”;
- “26860 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби”;
- “31911 Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (кош каржылоо)”;
- “31921 Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (грант)”;
- “31931 Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (кредит)”;
- “41141 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти”;
- “41240 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы”;
- “41310 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы”;
- “61 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы”;
- “61110 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы (аппарат)”;
- “61120 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы (ведомстволук мекемелер)”;
- “61130 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси”.
- “62 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (аппарат)”;
- “62110 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (аппарат)”;
- “62120 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (ведомстволук мекемелер)”;
- “78 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси;
- “78120 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси (аппарат)”;
- 34 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги” коду бардык ведомстволук классификациялар менен төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
- “34 Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги”;
- “34110 Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (аппарат)”;
- “34121 Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (ведомстволук билим берүү жана маданият мекемелери)”;
- “34141 Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (ведомстволук баштапкы кесиптик билим берүү мекемелери)”;
- “34911 Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (кош каржылоо)”
- “34921 Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (грант)”;
- “34931 Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (кредит)”;
- “41 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги” кодунда тиешелүү ведомстволук классификациялар төмөнкүдөй
“41610 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы (аппарат)”; “41620 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы (ведомстволук мекемелер)”;
“64 Кыргыз Республикасынын Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы” кодунда ведомстволук классификациялар төмөнкүдөйредакцияда баяндалсын:
- “64 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик”;
- “64110 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик (аппарат)”;
- “64220 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору”;
“16 Кыргыз Республикасынын Жогорку соту” кодунда ведомстволук классификацияда “16330 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине караштуу “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемеси” алып салынсын;
“35 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги” коду бардык ведомстволук классификациялар менен алып салынсын;
“38 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги” кодунан “38130 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” ведомстволук классификациясы алып салынсын;
“52 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик” коду бардык ведомстволук классификациялар менен алып салынсын;
“56 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик” коду бардык ведомстволук классификациялар менен алып салынсын;
“77 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы” коду ведомстволук классификациялар менен алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:
1) ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтында жарыяласын;
2) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде көчүрмөлөрүн Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан “Төлөм жүгүртүүнүн мамлекеттик классификатору” бекитилгенден кийин 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирүү сунушталсын.
5. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө билдирсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору У.М. Аманбаевге жүктөлсүн.
Министр |
|
А.К. Бакетаев |