Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 7-марты № 01-7/12а
Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-октябрындагы №680-р токтомун аткаруу максатында жаңы мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин эмгек акысын каржылоо жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн 2024-жылдын 6-ноябрындагы №716-р буйругуна, “мамлекеттик тарифтик саясаттын алкагында калкты жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн жылуулук энергиясын өндүрүү жана сатууга байланыштуу жабылбаган чыгымдарды компенсациялоо максатында” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №60 Бюджеттик кодексинин 55-беренесине ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттарды мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө, субсидиялар жана башка трансферттерди берүү, каражаттарды максаттуу пайдалануу камсыз кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик пландоо комиссиясына жана СЭОнун башчысы Г. Тулиновага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |