Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 20-марты № 01-7/14
Сары-Өзөн айыл аймагынын аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтому менен бекитилген 1-тиркеменин 4-пунктунун 21-пунктчасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кадр кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 17-декабрындагы №01-25/342 буйругунун негизинде, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагындагы аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн регламенти ушул токтомго тиркелген тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |