Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 20-марты № 01-7/15
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансына акцияларды кабыл алуу жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировдун Сокулук коммуналдык чарба башкармалыгынын акционерлеринин акцияларын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, 2003-жылдын 27-марты №64 Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-январындагы №01-7/12 токтомунун негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз 4-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сокулук коммуналдык чарба башкармалыгы ААКнын 48,38% түзгөн, анын ичинен
төмөндөгү акционерлердин акциялары Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансына акысыз кабыл алынсын:
- Батаева З.Т. – 2%;
- Калыгулов М.К. – 12%;
- Кулушев К.Н. – 1,7%;
- Незванова С.С. – 21,79%;
- Бектемиров А.Б. - 4%
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |