Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 20-марты № 01-7/16
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-январындагы № 01-7/11 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Сокулук району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 13-мартындагы №01-02/263 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 24-главасынын 73, 74, 75, 76-беренесинин 2-жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынын таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз 4-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-январындагы № 01-7/11 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү, толуктоо киргизилсин.
2. Сары-Өзөн айыл аймагына таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.
3. Жеке жана юридикалык жактар – ишкерлик иши үчүн төмөндөгүдөй бекитилсин:
- таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө;
- таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин;
- таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-майга чейин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик нормативдик актыларынын реестерине киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтом расмий жарыялангандан күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик пландоо жана фискалдык саясат боюнча туруктуу депутатык комиссиянын төрагасы А.Джазымкуловго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |