Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-декабры № 41-VIII
"2025-жылдын 13-майында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарындагы КТСны кеңейтүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык фондунан берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарындагы КТСны кеңейтүү" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын - Жашыл климаттык фонддун атайын фондунан берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 18-сентябрындагы чыг. № 18-10010) "2025-жылдын 13-майында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарындагы КТСны кеңейтүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык фондунан берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарындагы КТСны кеңейтүү" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын - Жашыл климаттык фонддун атайын фондунан берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашуу ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын биринчи орун басары |
| Ч.И. Ажибаев |