Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 5-февралы № 11
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1- берене
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 15-бөлүктө «18 жашка толо элек адамдар,» деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 151-бөлүк менен толукталсын:
«151. 18 жашка толо элек адамдарга үгүт жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жана чыгарууга тыюу салынат. Талапкер үгүт материалдарында өзүнүн каалаган жаш курагындагы жеке сүрөттөрүн жана видеожазууларын пайдаланууга укуктуу. Талапкер шайлоо алдындагы чогулуштарда жана шайлоочулар менен жолугушууларда 18 жашка толо элек адамдардын болгондугу үчүн жоопкерчилик тартпайт.».
2- берене
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 9 (3769) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2026-жылдын 14-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |