Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 20-марты № 01-7/20
Айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Сарбагышованын Сокулук айылындагы Советская көчөсүнүн №36а дарегинде жайгашкан “Жаш майыптар коомунун” имаратын 253,96 чарчы метр болгон жер тилкеси менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылындагы Советская №36а дарегинде жайгашкан “Чүй облусунун жаш майыптар коомунун” көп кабаттуу имаратынын жанында жайгашкан 253,96 чарчы метр болгон жер тилкесин Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Д.Тулинова ушул токтомдун негизинде өткөрүп алуу иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышовага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |