Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 103-VIII
"2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" кредиттик макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 26-декабрындагы чыг. № 18-13930) "2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" кредиттик макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |